Тогуз-Торо районунун Маруся Жаңыбаева орто мектебинде 15-сентябрдан тартып салттуу режимде башталды. Окуучулардын катышы жакшы. Санитардык талаптар боюнча атайын КР Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликтери биргелешип атайын алгоритм бектилген.
Бул туурасында мектептин директору Алтынбек Жарбашов билдирди:
«КОВИД-19 оорусуна каршы мугалимдер эмдөөдөн өтүштү. Учурда 70 пайыздан ашуун эмдөөдөн өтүштү. Учурда ата- энелерге эмдөөдөн өтүү зарыл экендиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат».
Аталган мектептин башталгыч орус классынын мугалими Назила Анжанбековага кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:
Башталгыч орус классынын мугалими Назила Анжанбекова окуучуларга сабак өтүүдө
«Окуу кадимкидей эле жүрүп жатат. Антисептиктер бар, градусник бар. Окуучулардын абалы жакшы. Беткапты дайыма тагынгыла деген жокпуз, өз ден- соолугу үчүн тагынгандар тагынып жүрүшөт. Эрежелер мурдагыдай сакталып жатат».
2-класстын окуучусу Аделина Бейшеналиева:
«Мектептеги окуу бөлмөлөрдө антисептик коюлган. Кирип келатканда, сабак аяктаганда колдорубузду чайкап турабыз. Былтыркыдай эле аралыкты сактап, басып жатабыз. Мектепте окуубуз жакшы башталды».
Анара Мааметова