Бүгүн 12 — сентябрь күнү Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде биринчи жолу президенттик шайлоо болуп өттү. Бул шайлоону тарбия завучу Абдылдабекова Гульмира уюштуруп, салтанаттуу турдө тизим болду. Шайлоого 10-11 класстардын окуучулары талапкерликке коюп, ар бир талапкер өз программалары менен кеңири тааныштырышты.
Талапкерлер өздөрүнүн алдыга койгон максаттарын, пландарын, программаларын кеңири айтып беришти. Ар бир талапкерлердин программалары ар башкача жана кызыктуу болду.
К.Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин тарбия завучу Абдылдаева Гулмира буларга токтолду:
“Президенттик шайлоону мурун администрация, уюштуруучу тарабынан шайланып келчү. Быйыл өзгөчө кылып шайлоо түрүндө президентти добуш аркылуу тандадык. Заманга ылайык, балдардын талабына ылайык пезидентти мамлекеттик шайлоодой өткөрдүк. Кадимкидей эле урна койдук. Окуучулардын көзүнчө таза, ачык-айкын өттү деп айта алам. Талапкерликке койгон окуучулар өздөрүнүн программалары менен тааныштырышып, андан соң президенттик шайлоо болду. Эң жогорку упай менен 37 добуш менен Таалайкелди уулу Алиаскар мектептин президенти болуп шайланды” деди.
Калыстар тобу болуп, 8 ден 11ге чейинки окуучулар талапкерлерди шайлашты.
Ал эми талапкерлигин койгон Жайдарбек кызы Назима мындай деди:
“Бүгүн 12- сентябрь күнү шайлоого мектептин президентине талапкерлигимди койгом, бардыгы ойдогудай өттү. Калыстар тобу туура чечим кабыл алышты. Шайлоо дагы ачык айкын өттү десем жаңылышпайм.”
Шайлоонун жеңүүчүсү, Таалайкелди уулу Алиаскар кубанычы менен тең бөлүштү:
“Буюрса бардыгы жогорку деңгээлде өттү. Менин атаандаштарым дагы күчтүү болчу, мен президент болдум буюрса мектептин деңгээлин көтөрөбүз деген ойдобуз, абдан толкунданып жатам деди.
11-классынын окуучусу Жанат Шаршенов жаңы президентке добушун берген. Ал мындай деди:
“Бул шайлоонун жеңүүчүсу классташым болот, менин оюмча канаатандырлык болду. Мен бул балага ишенем, оюмча мектебибиз эң жакшы жетишкендиктерге жетишет”-дейт
Ошентип, калыстар тобу окуучулардын көзүнчө бюллетендерди санашып, акырында жеңүүчү аталды.
1-орун Таалайкелди уулу Алиаскар 37 добуш менен алдыга чыкты.
2-орун Досумбеков Данияр 34 добуш алды.
3-орунду Жайдарбек кызы Назима 28 добуш алышты.
Даярдаган: Ачыкова Умсунай, Индусбекова Айтеңир
Мыкты макала сынагы үчүн