2014-жылдын 7-8-июнунда, Кара-Суу айылынын мультимедиа борборунун жаш кабарчыларына “Жарандык журналистика — эркин ой пикирди калыптандыруунун куралы” деген аталыштагы окуу өткөрүлдү. Окуу Кара-Суу айылын мульти медия борборунда өтүп, катышуучулар жараандык журналистиканын принциптери, мүмкүнчүлүктөрү, келечеги туралуу кенен маалымат алышты. Бул иш-чара ЮНЕСКО уюмунун Алматыдагы бюросунун колдоосу менен уюштурулуп, Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Мэри Бекешова өттү. Мындан тышкары, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлү Валентина Галич “Айыл үнү”, “БУУнун жаңылыктары мобильдик сайттарын колдонуу, таратуу боюнча презентация жасады.
Тренингге катышкан жаштар журналистика боюнча пикири жана ойлору менен бөлүштү.
Кануспекова Айдай 10-класстын окуучусу:
Журналисттин мүмкүнчүлүгү кенен
Жарандык журналисттин мүмкүнчүлүгү кенен. Ал маалыматты Кыргызстанга эле эмес, Интернет аркылуу бут дүйнөгө тезирээк жана бат тарата алат. Мындай журналист башка бирөөгө баш ийбейт, өзү каалаган убакта эркин иштей аталат. Башкаларга салыштырмалуу жарандык журналистте көбүрөөк маалымат болушу керек деп ойлойм.
Мен келечекте програмист болгум келет, бирок ушул тренинг мага сөзсүз жардам берет. Мен мурда билсем дагы, элге кантип түшүндүрүүнү билбей, тартына берчүмүн.
Мультимедиа борборунда 2 жылдан бери иштеп калатам. Бул жерден үн жазганды, слайд, монтаж, репортаж жасаганды үйрөндүм. Кайсыл жагынан баштап суроо бергенди жана адамдардан кантип кененирээк маалымат алса болоорун билдим.
Азаркулова Эркеайым, 11 классынын окуучусу:
Журналистика элдин аң сезимин өстүрүү керек
Жарандык журналистика — бул көз каранды эмес, эркин ой жүгүрткөн,өзү каалаган пикирди жана оюн эркин жазган, элдин ишенимине кирген адам. Ал эч кимден коркопойт. Топтогон маалымат Интернет аркылуу бүт дүйнөгө тарата алат. Мен өзүмдү жарандык журналистмин деп эсептейм. Келечекте башка кесиптин ээси болсом дагы, жарандык журналист болуп кала берем.
Мультимедиа борборунда иштеп, репортаж жасаганды, үндөрдү жазып монтаждаганды, ошондой эле суроолорду кантип жана туура бергенди үйрөндүк.
Журналист материал жасап жатканда элдин көйгөйүн кантип чечүү керектигине, элдин аң сезимин өзгөртүүгө өзгөчө көнүл бөлүш керек.
Азаркулова Элина 7-класстын окуучусу:
Эркин ой жүгүрткөндү үйрөндүм
Эркин журналист көчөдө же башка жакта бир нерсе болуп жатса, аны дароо эле фотоаппаратына сүрөтүн тартып, түшүндүрмө текстин жазып интернетке киргизет. Алардын өзүнчө блогу, фэйсбуктагы баракчасы болот.
Мен келечекте журналист болсомбу деп ойлонуп жатам. Ойлогон ой-максатыма жетсем деп кыялданам. Мультимадиа борборунда- репортаж жасаганды, интервью алганды, суроо түзгөндү жана бергенди үйрөндүм.
Журналист материал жасап жатканда элге эмне пайдасы бар ждеп ойлонуш керек.
Алымкулова Назик 7-класстын окуучусу:
Журналист элге жагыш керек.
Жарандык журналист-бул өзүнүн ишине мастер, каалаган убагында элге маалымат бере алат, эчкимдин кол алдында иштебейт, позициясы туура жана жакшы. Келечекте журналист болгум келет. Азырынча ойлонуп жатам. Мультимедиа борборунда мен интервью алганды, репортаж жазаганды, суроо түзгөндү үйрөндүм.
Журналисттин иши элге жагышы керек.
Туратбекова Перизат 11-класстын окучусу
Журналистика элдин маселесин чечет.
Жарандык журналист — бирөөнүн кол астында иштебейт, жарандык позициясы күчтүү, эркин ой жүгүрткөн адам, ал өзү каалаган пикирди, окуяны өзү каалагандай чагылдыра алат. Буга кандай айлык алам деп ойлобойт, редакторго жагабы же жакпайбы деп кабатыр болбойт. Мен өзүмдү жарандык журналистмин деп эсептейм. Дагы көп нерсени үйрөнүшүм керек.