Кочкор районундагы окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын- алуу максатында жалпы билим берүүчү мектептерде түзүлгөн «Милициянын жаш жардамчысы» отряддарынын арасында райондук кароо-сынак өткөрүлдү.
Бүгүн, Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин имаратында Кочкор районунун 11 мектептин «Милициянын жаш жардамчы» отрядынын уюштурулган бурчу «Ата-Мекен» тууралуу ыр, катардык кароо формасы, команданын капитаны аткарган иштери боюнча баяндап берип кароо-сынактын шарттарын аткарып беришти.
Кароо-сынакты Кочкор райондук администрациясынын башчысынын социалдык тармактарынын орун басары Чынара Табылдиева ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалап кетти.
Кароо-сынактын негизги максаты, балдардын укуктук билимин жогорулатуу, тартипти сактоо, ички иштер органдарына каттоодо турган мектеп окуучулардын, анын ичинен балдарына терс таасирин тийгизген үй-бүлөөлөрдүн балдарын камкордукка алуу, балдарды чынчылдыкка, калыстыкка, принципиалдуулукка, өзүнө жана башкаларга талаптарды коюуга үйрөтүү,балдар арасында наркотикалык заттарды колдонуу, спирт ичимдиктериничүү фактылары менен күрөшүү,сабакты себепсиз көп калтырган окуучулар менен иштөө, билим берүү мекемелеринин ички каттоосунда жана БИИнын каттоосунда турган «Тобокел тобундагы» окуучулардын бош убактыларын туура пайдаланууну уюштуруу.
Кароо-сынакка, калыстар Кочкор РИИБнун начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Кайрат Садыбакасов, Билим берүү бөлүмүнүн адиси Ишенбек Бекишов, Кочкор РИИБын милиция полковниги Эрик Тажиев , Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматкери Нурлан Керимкулов. Калыстар тобу МЖЖнын ишмердигинин жыйынтыгын баалап, жеңүүчүлөрдү сыйлап жана МЖЖнын мыктыларын аныкташты.
Жыйынтыгында калыстар тобу жеңичүүлөрдү аныктап беришти:
1-орунга И.Арабаев атындагы мектеп-гимназия жеңишке ээ болду.
2-орунду Ара-Көл айылынын Ара-Көл орто мектеби татыкттуу болду.
3-орунду Н.Жүндүбаева мектеп-гимназиясы камсыз кылды
Канайым Мирланова