Учурда Талас облусунун төрт районунда жана Талас шаарында мобилдик бригадалар иштеп жатат. Бригаданын курамында врач, медсестра, врач эпидемиолог, лаборант жана айдоочу болушу зарыл. Мобилдик бригадалар күнү-түнү 118 номерине телефон чалып чакырган бейтаптарга барып, жеринде ПЦР анализ алышат.
«Тилекке каршы күндөн- күнгө оорулар көбөйүп баратат. Биз кайрылган бейтаптарга барып абалын көрүп, биринчи жардам көрсөтүп, ПЦР тест алып, эгерде оорулуунун абалы оор болсо дароо ооруканага жеткиребиз. Абалы жеңил болсо үй карантинине алып дарылайбыз», -дейт Талас району боюнча түзүлгөн мобилдик бригаданын рентгенолог врачы Эрмек Маденов.
Врачтардын дегеле медиктердин жетишсиздиги мобилдик бригадаларды түзүүдө дагы билингенин Талас облустук үй- бүлөлүк медицина борборунун директорунун уюштуруу иштер боюнча орун басары Жаңыл Уметалиева билдирди:
» Медиктер жетишсиз, өзгөчө врачтар. Талас шаардык мобилдик бригада учурда 1 врач, медсестра анан эпидемиолог врачтын жардамчысы жана айдоочу гана иштеп жатат. Эпидемиолог врач жок.
Мобилдик бригада 118 номерине чакырык түшөр замат коргонуучу костюмдарын кийип жолго чыгат. Айтылган дарекке барып бейтаптын абалын көрүп, дароо сатурациясын текшерет. Андан соң бейтаптын кан басымын ченеп, ПЦР тест анализин алышат. Мобилдик бригада иштегендер бул абдан түйшүктүү, жоопкерчиликтүү эң башкысы тобокелге баш байлаган кооптуу иш экенин айтышат».
Талас: Обвервация жана күндүзгү стационарлар кайрадан иштей баштады
Мира Сейдикеримова