Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагында «Баатыр энелер» сыйланды. Сыйлыкты тапшыруу үчүн Базар-Коргон райондук администрациясынан акимдин орун басары Замира Адышова, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык секторунун башчысы Сагындык Кудайбердиев, Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукуловдор катышышты.
«Биз бүгүн Могол айыл аймагына «Баатыр энелерди» сыйлоо үчүн келдик. Район боюнча «Баатыр эне» наамын 58 эне, «Даңк» наамын үч эне алып жатышат. Жер-жерлерге барып, төш белгилерин тапшырып келатабыз.»-деп билдирди Базар-Коргон райондук администрациясынын башчысынын орун басары Замира Адышова.
Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов «Энелер күнүнө» карата сый тамак уюштурушуп, энелерге атайын даярдалган концерттик программа көрсөтүлдү.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ, Мелисбек уулу Тимур