Могол айыл өкмөтүндө «Дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата акция уюштурулду. Тазалык иш-чарасына айыл өкмөттүн ар бир көчөсүндөгү жашоочулар активдүү катышып, жалпы 800гө чукул адам болду. Жыйынтыгында 4 унаа таштанды чыгарылган.
Тазалык акциясына Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов, айыл өкмөт кызматкерлери, дарыгерлер, мугалимдер жана кайдыгер эмес жарандар катышты. Мугалим Алишер Эгембердиев анын кесиптештери тазалык иш-чарасына катышып, ишти таң эртеден баштаганын билдирди.
«Биз бүгүн Рахманов атындагы орто мектебинин айланасын тазалап жатабыз. Директорубуз Марат Токтобаев көрсөтмө берип, жумушту эрте баштаганбыз. Мугалимдердин баары активдүү катышты. Азыр бүтүп кетип жатабыз. Сатыбалды Далбаев мектебинин да эмгек жамааты тазалык акциясына катышып жатканын байкадым».
Мугалимдер тазалык акциянын алкагында Сатыбалды Далбаев мектебинин айланасын ирээтке келтирди.
Могол айыл аймагындагы Чкалов, Кызыл-Суу, Көк-Тонду, Ооган-Талаа, Чарбак айылдарында да тазалык иш-чарасы өткөрүлүп, айыл өкмөт башчы Эркин Турдукулов жеринен көрүп келе жаткандыгын билдирди.
Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов
«Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун 13-сентябрь күнү чыккан катынын негизинде “Дүйнөлүк тазалык күнү” глобалдык экологиялык жарандык акциясы Могол айыл аймагынын баардык айылдарында, мекеме — уюмдарында санитардык тазалоо жана иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү. Элдин активдүүлүгү жогору. Акцияны мыкты деңгээлде өткөрүп жатышат. Азыр 5 айылды кыдырып келдик. Акциянын жүрүшүн жеринен көрүп келе жатабыз…»
Ошондой эле Укубаев көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн соодагерлери да айланасын тазалашып, таштандыларды чогултушту. Соодагер Гүлзат Оспонова тазалык тазалоодон эмес, таза сактоодон башталаарын айтып, элди айлана-чөйрөнү таза тутууга чакырды.
Соодагер Гүлзат Оспанова тазалык акциясында
«Эртең менен короолорубузду ирээтке келтирип баштадык. Дүкөндүн алдын тазалап, таштандыларды атайын таштанды ташуу унаасына салып бердим. Негизи дайыма эле тазалайбыз, кайра эле эл таштанды таштап кетет. Элди тазалыкты сактоого үйрөтүү керек. Анткени тазалык тазалоодон эмес, таза сактоодон башталат эмеспи. Ушул нерсени эл билгенде гана тазалык болот».
Медицина кызматкерлери дагы акцияга активдүү катышты
Өткөрүлгөн акцияда төрт машина таштанды чыгып, ал атайын таштанды төгүүчү жерге жеткирилди. Айыл өкмөт боюнча ар бир айыл, көчөлөрдөгү жарандар активдүү катышып, жалпысынан 800гө чукул жаран катышкандыгы маалымдалды. Бирок, айыл башчы Муктар Дөлдөев мурдагы тазалык акцияларына салыштырмалуу адамдардын активдүүлүгү аз экенин билдирди. Айыл башчы мунун себебин көпчүлүктүн жаңгак тергени талаага чыгып кеткени менен байланыштырды.
“Кыргызстан боюнча уюштурулган “Тазалык күнү” акциясынын алкагында айылды тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындан 3-4 күн мурун айыл элине эскертилип, акция боло тургандыгы тууралуу маалымат берилген. Мындан сырткары социалдык баракчаларга, WhatsАpp, Telegram аркылуу маалымат жиберилген. Ошондуктан, бүгүнкү иш жакшы алып барылды. Көчө-көчөлөр тазаланды, кечээ эки машина таштанды ташталса, бүгүн да эки машина таштанды чыгарылды. Негизи көчөлөрдөн Укубаев көчөсүндө жашаган тургундар активдүү болуп жатышат. Мектеп, оорукананын кызматкерлери да эң жакшы тазалап, ишин бүтүрүштү”- дейт Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Муктарбек Дөлдөев.
Акциядан кийин таштандылар атайын таштанды ташталуучу жайга төгүлдү
Бала бакчанын тарбиячысы Анара Дакыбаева урналар жоктугун айтып, урналар болгондо эл таштандыны көчөгө таштабайт эле деген оюн билдирди.
» Биз “Тоо гүлү” балдар бакчасынын тарбиячылары, кызматкерлери акцияга катыштык. Көчөнү баштан-аяк карасаң, таза болуп калганы көзгө көрүнөт. Негизги эле биздин көйгөйүбүз таштанды салынуучу урналардын жоктугу. Эгерде урналар болсо, мүмкүн ушунчалык таштанды чыкпайт беле. Эл да таза болсо, ар жерге таштанды таштабаса…»
Акциянын жыйынтыгында жергиликтүү активистер, жарандар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин билдирди. Алар мектепте, бала бакчада, атайын сабактар өтүлүүсү керектигин баса белгилешти.
Гүлназ Камбарали кызы