3-февраль күнү Үч-Коргон айыл аймагынын аялдар кеңешинин кезектеги жолугушуусу А.С.Пушкин орто мектебинин мугалимдер жамааты жана 9-11-класстар окуучу кыздары менен өткөрүлдү. Жолугушууга Бишкек шаарынан келген экономист, продюсер жана журналист Назира Джуман дагы келип катышты.
Андан сырткары, Үч-Коргон айыл аймактык оорукана дарыгери акушер-гинеколог Нурхон Мирзамахмудова катышты. Аялдар кенешинин төрайымы Рано Ташкенбаева кыздарга үй-бүлөлүк зордук- зомбулук, кыздардын журум- туруму жөнүндө сөз кылды.
Акушер-гинеколог Н.Мирзамахмудова кыздардын ден- соолугу жана иммунитет жөнүндө маалымат берди. Суроолорго кенен жооп берди.
Журналист Назира Джуман кыздарга жартылыш жана адамдардын ортосундагы байланыш жөнүндө, мекенди сүйүү, инсандар арасындагы мамиле жана мотивация аркылуу максатка жетүү жолдорун айтып маек курду. Аудитория ушундай жолугушуулар көбүрөөк өткөрүлүшүн сунуштап, суранып калды.
Дилрабо Мамаджанова