Сокулук районунун Восточный айылындагы Жаңы-Жер толук эмес №2 орто мектебинде жалпы 371 окуучу билим алат. Окуучулардын басымдуу бөлүгү кавказ улутунан. Башталгыч класстарга окуу программасынын аякташы менен жыл жыйынтыгы чыгарылып, татыктуу окуучуларга мактоо баракчалары тапшырылды.
Мектепте ата-энелер комитетинин уюштуруусунда, окуучуларга акыркы коңгуроо күнү салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Мектеп айланасын шаңга бөлөп, 4-класстын окуучулары өздөрүнүн улуттук кавказ бийин бийлешип, мугалимдерин куттукташты.
Аталган мектепте окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары Сүйүн Абдыбекованын айтуусу боюнча:
“Мен бул мектепте 10 жылдан бери эмгектенип келемин. Негизи өзүм окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары милдетин аткарсам да башталгыч класстарга сабак берүүдөмүн. Бул айылдын жашоочуларынын 99% кавказ улутундагы эл болгондуктан башталгыч класстын окуучулары мектеп босогосун аттаганда, өз эне тилинде сүйлөп келишет. Ал балдарга сабак берүү өтө түйшүктүү жана кызыктуу. Орус тилинде же кыргыз тилинде сүйлөй албаган окуучуларга түшүндүрүү үчүн өзүм даргин тилин үйрөнүүгө аргасыз болдум. Он жылдын жыйынтыгында өзүм кавказ тилин үйрөнүп алганыма кээде таң каламын. Бул айылда бир гана даргиндер эмес акушан, авар, кумык, табасаран, ингуш, чечен, агул улуттун элдери жашайт.”
Учурда ата энелер, балдарына кыргыз тилин үйрөтүүгө кызыкдар. Бул окуу жылында даярдоо классынын окуучуларына жумасына 2 жолу кыргыз тили сабагы окуу планга киргизилген. Орус тилдүү мектеп болгондуктан даярдоо классына буга чейин кыргыз тили өтүлүүчү эмес.
Турсун Омуралиева, Амин Ризоев