Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагынын тургуну Гулниза Суюнова социалдык келишимдин негизинде берилген 100 000 сомду алып, чакан ишкерликти баштаган. Ал каражатты сентябрь айында алып, райондун борборуна тоок канатын бышыруучу чакан кеңсе ачкан. Ал келечекте райондо тамактануучу жай ачууну көздөйт.
Казарман айылынын тургуну Жапаралы Казыбаев түштөнүү убагында даамдуу, тез даярдалчу тоок канаттарын алып турат. Анын айтымында мурда Бишкек шаарынан гана көрүп келген бул азык айылда да даярдалып жаткандыгы кубандырат:
“Көпчүлүгү ушул жерге келип, буйрутма берип, алып кетип жатышат. 10 мүнөттө даяр болот экен.Түштөнүү убагында келип, алып турам. Даамдуу, тишке жумшак. Айрыкча мага окшогон кары-картаңдарга ылайыктуу экен. Буга чейин, шаардан эле көрчүбүз. Айылга келгени жакшы болду. Иштерине ийгилик каалайбыз”.
Айыл тургунуну айтымында айыл жеринде бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө, финансылык көз карандысыздыкка жетишүүсүнө шарттар түзүлгөнү жакшы. Уул кыздарыбыздын ишкердүүлүк менен алектенип, ийгиликке жетишип жаткандыгы, бизди кубандырат дейт.
Гүлниза Суюнова тоок канаттарына алдын буйрутма алып жасайт. Учурда күнүнө 60 даанадан ашык сатылып жатат. Даамын таткандан кийин, суроо-талаптар көбөйгөнүн айтат:
“Айына, 15 миң сомдун тегерегинде, чыгашадан сырткары, киреше түшүп жатат. Буга чейин 4 балама 5700 сом жөлөк пул алчумун.Балдардын керектөөсүнөн ашпай келген.Азыркы учурда жакшы, күнүгө чөнтөгүмдө акча бар, күнүмдүк муктаждыктарды чечкенге жардам болду. Келечекте чоңойтуп, атайын кардарлар отуруп, тамактана турган деңгээлге чыгарсам деген планым бар”.
Аталган долбоор 3 жыл мөөнөткө эсептелген, бул аралыкта насыя алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин түптөп, жөлөк пулга муктаж үй-бүлө категориясынан чыгышы керек. Ар түрдүү кеңештерди берүү, окутуу жолдору менен ишкер болуп кетүүсүнө көмөкчү болобуз дейт Эмгек , жана калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция бөлүмүнүн бөлүм башчысы Бурул Жусупова:
“50 үй -бүлө өздөрүнүн ишин жакшы алып барып, жатышат анын ичинен, Гулниза Суюнова «Тоок канатын бышырып сатуу» боюнча бизнес план жазган ошол иши жакшы жүрүп ай сайын 15 000 -20 000 киреше таап жатат”.
Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы 385 «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында Тогуз-Торо райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы райондогу аз камсыз болгон балдары бар үй-бүлөлөрдүн ай сайын үй -бүлөгө көмөк алуучуларга социалдык келишимдин негизинде 50 үй- бүлөгө 100 000 сом өлчөмүндө алышкан. Бул каражат кайтарымсыз каражат болуп эсептелет. Мамлекет тарабынан кайтарымсыз берилген каражаттар, ишкерликти түптөөгө салым кошуп жатат.
Анара Мааметова