Нарын районунун Ак-Кыя айылындагы мектепке чейинки курактагы балдар эскилиги жеткен бала бакчада тарбияланышат. Аталган айылдагы «Нур-Байгазак» бала бакчасы 1972-жылы мектеп болуп курулган имараттын жарымында жайгашкан. Имарат бала бакчага ылайыкташпагандыктан шарттар каралган эмес.
Учурда курулуштун эскилиги жеткендиктен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эки жолу «жараксыз» деп табылган. Бирок арадан канча убакыт өтсө дагы имарат жаңылана элек.
Ак-Кыя айылы Нарын шаарынан 13 чакырым алыс жайгашкан. Аталган айылда таза суу түтүктөрү дагы жок болгондуктан тургундар сайдан аккан суудан ичишет. Бул чакан айыл Чет-Нура айыл аймагына карайт. Айыл округдун карамагында жети айыл бар.
«Балдарды басып калабы деп коркобуз»
Учурда «Нур-Байгазак» бала бакчада 50 бала тарбияланат, алар үчүн орундар жетиштүү болгону менен даараткана жана балдар аянтчасы сыртта жайгашкан. Тарбиячылардын айтымында, Нарында кышы 37-40 градуска чейин суук болгондо балдар кыйналышат. Мындан сырткары, айылда ичүүчү суу жок болгондуктан, жерден бургулап суу чыгарылган.
«Биз жыл сайын жыртык-тешигин бүтөп коюп эле жүрөбүз. Ошондуктан эле турат, эгер табигый кырсык болсо урап калуу коркунучу абдан жогору. Кээде балдарды басып калабы деп коркобуз. Азыр оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө деле болбой калды. Дубалдардын куму куюлуп, актап же сырдай албай деле калдык», — деп түшүндүрдү бала бакчанын жетекчиси Кымбаткүл Кадикова.
Кадикованын айтымында, бала бакчага суу киргизелген эмес, имараттын эскилигинен ичине суу киргизүүгө дагы болбойт.
«Ысык суу жок, сууну колго ысытып идиш-аяк жууйбуз. Учурда бала бакчада тарбиячылар, от жакчу кишилер менен бирге 17 адам иштейбиз. Жылуулук системасы коюлган. Бирок суук болгон күндөрү кошумча жылыткычтарды пайдаланабыз. Бул дагы кооптуу. Себеби өрт чыгып кетиши дагы ыктымал», — деди Кадикова.
Анын айтымында, балдарды тамак менен камсыздоодо дагы көйгөйлөр бар. Себеби, мамлекет тарабынан бала бакчадагы бир балага күнүнө 20 сомдон ашпаган каражат жумшалат. Бул каражат жетишсиз болгондуктан ата-энелер балдарынын тамак-ашына айына 500 сомдон төлөшөт.
Ак-Кыя айылында болгону 145 түтүн бар. Жашоочулар аз болгондуктан долбоорлорго катышуу да кыйынчылык жаратат. Бала бакча куруу үчүн айыл өкмөтү төрт жылдан бери облустук администрация менен капиталдык курулуш башкармалыгына кайрылып келерин айтат.
«Баламды бала бакчага жибергенден корком»
Ак-Кыя айылынын тургуну Анаркүл Абдыжапарованын төрт жаштагы кызы бала бакчага барат. Анын айтымында, бала бакча аябай эле эски болгондуктан имараттын ичи бат чаңдайт жана балдардын кийимдери чаң болуп калат.
«Биздин бала бакча чындыгында коркунучтуу, кооптуу абалда турат. Баары бир эски эскилигин кылат да. Дайыма чаң болуп турат, канча тазалашат бирок баарыбыр эле чаң боло берет. Кызымды араң эле бала бакчага жиберем, балдарга аралашсын деп. Бирок аябай корком балдарды кайсы күнү басып калат деп», — деди ал.
Ошондой эле, ал ата-энелер чогулуп, бул маселени чечүү үчүн эч жерге кайрылбаганын айтат.
Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Нурсултан Бактыгулов Ак-Кыя айылы дотацияда болгондуктан бала бакча курууга жергиликтүү бюждеттин акчасы жетпей турганын билдирди. Анын айтымында, буга чейин бийлик өкүлдөрүнө кайрылган, бирок эч кандай майнап чыккан эмес.
«Мен айыл башчы болуп келгениме аз гана убакыт болду. Мага чейинки айыл башчы дагы бул маселени чечүү үчүн бийликке кайрылган экен. Мен дагы кайрылдым, бирок бюджетте акча тартыш деген эле жооп келип жатат. Бала бакча азыр жараксыз абалда. Кокус табигый кырсык болуп кетсе анда бала бакчасы жок калабыз. Азыр эми кимдерге кайрылып, маселени кантип чечишти деле билбей калдым», — дейт Бактыгулов .
«Быйыл планга киргизели деп жатабыз»
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев аталган бала бакча 2021-жылы планга кирбей калгандыктан маселе чечилбей калганын билдирди.
«Былтыркы жылы дал ошол бала бакчанын абалын көрүп келгем. Эптеп, эки жагын оңдоп-түзөп иштеп жатышыптыр. 2021-жылы жылдык планга кирбей калып, бала бакчанын курулуш долбоору түзүлгөн эмес. Быйыл киргизели деп жатабыз», — деди ал.
Облус башчысы жылдын башы менен жаңы бала бакчанын долбоору даярдалып жатканын белгиледи. Ошондой эле, ал бала бакчаны быйылкы жылы курулуш ишин баштап, ишке берүү үчүн башка варианттарды да карап жатканын айтып, быйылкы жылы маселе чечилерин убада кылды.
Статистика комитетинин 2021-жылдагы маалыматка ылайык, Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары 198 миңге чукул бала бакчага барчу. 2016-жылга карата бул көрсөткүч 174 миңге чейин кыскарган. Ушул мезгил аралыгында үч жаштан алты жашка чейинки балдардын саны 21%га өскөн.
«Жылда жаңы долбоор баштайбыз»
Кыргызстандын коомчулугун өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин өкүлү Нурила Абдыбекова түндүк региондо социалдык инфраструктуралык долбоордун алкагында бала бакчалар салынып жатканын билдирди.
«Бизде жалпы 16 долбоор бар. Бирок анын ичинен социалдык инфраструктурага багытталган негизги эки долбоор иш алып барат. Биринчи долбоор түндүк облустарында айылдарды өнүктүүгө багытталган. Ал эми түштүк облустарга коомчулукту колдоо долбоору бар. Буга чейин социалдык долбоордун алкагында 47 бала бакчага колдоо көрсөтүлгөн. Бул долбоор июнь айында жыйынтыкталып, кайра жаңысы башталат. Жаңы долбоорубуз деле ошол эле максатты көздөйт. Бир гана жери социалдык жана экономикалык болуп бөлүнөт. Биз өзүбүз айыл аймактарга барып, ушул долбоорду сунуштайбыз. Айыл өкмөт жана башкалар коомчулук менен биргеликте кайсыл багытты тандайт өздөрү чечет», — деди ал.
Абдыбекова кошумчалагандай, коомчулук эки долбоордун бирөөсүн аныктап алган соң ошол багытта АРИС тарабынан каржылык колдоо алышат.
«Бала бакча жок деп кайгырбайбыз»
Өлкөдө эскилиги жеткен бала бакчалар эле эмес такыр бала бакча жок дагы айылдар бар. Ал эми, Нарын районунда башынан эле бала бакча жок төрт айыл бар. Алар: Ак-Кудук айылы, Эмгек-Талаа, Шоро-Келечеги жана Кайынды-Келечек айылдары. Аталган айылдын тургундары айылдагы бош калган жеке менчик үйлөрдү ижарага алып, бала бакча катары пайдаланышат.
Алардын бири Ак-Кудук айылы. Аталган айыл Нарындан 80 чакырым алыс жайгашкан. Бул айылда 600дөн ашык үй-бүлө жашайт.
Аталган айылдын бала бакча директору Темирбек кызы Наргизанын айтымында, бала бакчанын жоктугу көйгөй жаратпайт. Анткени айылда жеке менчик бош үйдү 5 миң сомго ижарага алып, бала бакча катары пайдаланышат. Мындай көрүнүшкө айыл эли дагы көнүп калган.
«Биздин бала бакча 2016-жылы ачылган. Бирок бизде атайын салынган бала бакча жок. Анткени жеке менчик үйдү ижара алып балдарды тарбиялайбыз. Бала бакчанын акысын кызматкерлер болуп, ортого акча чыгарып төлөйбүз. Учурда жалпы 30 бала тарбияланып, 12 кызматкер эмгектенебиз. Бала бакча ачылганына айыл тургундарына деле, бизге деле жакшы болгон. Себеби жумуш менен дагы камсыз болуп жатпайбызбы. Бизге бала бакчанын жоктугу маселе эмес. Бирок ошентсе деле долбоорун даярдап койгонбуз. Ыңгайы келгенде инвестиция тартканга аракет кылабыз», — дейт ал.
Бишкек шаарынын тургуну Нуриза Абдылдаева кийим тигүүчү цехтердин биринде иштейт. Анын үч жаштагы кызы ал жашаган аймактагы бала бакча толуп калгандыктан бала бакчага барбайт. Анткен менен Абдылдаева бул кырдаалдан чыгып, кызын өзү менен чогуу жумушуна алып барат. Антекни ишкананын жетекчиси балдар үчүн бардык шарттары бар эки бөлмөнү жасап берген.
«Кызымды биздин райондогу бала бакчага алып барсам ал жакта орун жок экен. Кийин айылга жиберип, кайра алып келдим. Себеби биздин жумуштун жетекчиси чакан эки бөлмөнү бошотуп берип, балдарга ылайыкташтырып берди. Учурда беш ата-эне балдарын кошо жумушка ала келет. Бул жактан сүрөт тартышат, ойношот, телевизор көрүшөт, айтор бардык шарты бар. Биз атайын китептерди дагы сатып бергенбиз. Учурда тамга таанып калды балдарыбыз», — деди Абдылдаева.
Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелери жетишпейт. Тоолуу аймактардагы билим берүү көйгөйүн чечүү максатында жайлоолордо дагы бала бакчалар ачылууда.
Дилде Шатанова