Нарын районуна караштуу Орток айылында Ага-Хан фондунун MSDSP KG коомдук фонду тарабынан уюшулган тоют багытындагы өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча семинар өткөрүлдү. Ал семинарга Кызыл-Жылдыз айылынын тургундары катышып келди.
Маалыматка караганда, семинарды Ага-Хан фондунун Афганистандагы, Таджикстандагы тоют багытында иш алып барган менеджери Имадбек Ихманов өткөрдү.
Бул туралуу MSDSP KG коомдук фондунун кызматкери Канат Нурманбетов жаңы алынып келинген өсүмдүк Кыргызстанда жокко эсе экендигин билдирди:
“Бизде бир нече долбоорлор бар, алардын ичинде тоют багытында иштеген программабыз бар. Буга чейин өлкөбүздө таанымал эмес топинамбур деген тоют багытындагы өсүмдүктү алып келгенбиз. Бизге келген тренер бул өсүмдүктөр боюнча өмүр бою иштеп келе жаткан экен. Бул өтө кымбат баалуу өсүмдүк, келечекте биздин дыйкандар дагы кеңири колдонуп калат деген ойдобуз. Андан тышкары, биз топинамбурду дарычылыкка колдонсок болот. Анын курамында адамдын организмине эң керектүү витаминдер бар экен”.
Семинарга катышып келген Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Шайыр Алиева бул өсүмдүк дыйкандарга өтө керектүү экендигин айтты:
“Семинарда топинамбур деген өсүмдүктүн бар экенин билдик. Бизге топинамбурдун үрөнүн берди. Быйыл бул өсүмдүктөрдү өстүрүп байкап көрүп, анан элге жайылтабыз. Анткени бул өсүмдүк тоютка эле эмес дарычылык касиеттери дагы бар экен. Көптөгөн ооруларды алдын алып, ашыкча салмакты жоготууга, кант диабети оорусуна, аз кандуулукка, кан басымынын жогорулашына жардам берет экен.”
Бул семинарга Орток, Миң-Булак жана Кызыл-Жылдыз айылдарынын тургундары катышты.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков
Мыкты макала сынагы үчүн