Тянь-Шань күрөң аюусу Тянь-Шань, Памир жана Гималай тоолорунда байырлап жүрүүчү жаныбар.
Алар күрөң аюулардын башка түрлөрүнө салыштырмалуу кичирээк болот. Денесинин узундугу 149 см, салмагы 300 кг га чейин жетет. Бирок чоң түрлөрү дагы кездешкен учур болот. Эң башкы айырлымалануучу белгиси- алдыңкы колдорундагы узун ачык түстөгү тырмактары.
Күрөң аюу
Бул жаныбар Кызыл китепке кирген жаныбар, буга анын акыркы жылдары таптакыр жоголуп кетүү коркунучунда тургандыгы себеп болгон. Кыргызстанда бул жаныбардын сактап калуу максатында мамлекеттик жаратылыш коруктарда сакталып, көбөйүүсүнө шарттар түзүлүп келет.
Буга мисал, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу. Коруктун максаты- борбордук Тянь-Шандагы жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн сактап көбөйтүү болуп саналат. Бул корукта азыркы күндө 20 дан ашык Тянь-Шань күрөң аюусу байырлайт.
Аталган корукта 2019-жылы Илимбек аттуу аюуга видео көзөмөл жүргүзүлүп, байкоо иштери жүргүзүлүп келет. Мындай иштер алардын жашоо чөйрөсүн жакшыраак изилдегенге жардам берет.
Спутник ошейниктерин тагуу учурунда
Айтурган Токтобаева