Мамлекеттик каттоо борборунун маалыматына таянсак, өткөн жылы өлкө боюнча дээрлик 50 миң нике катталган. Тилекке каршы, алардын ичинен 11 миң үй-бүлө ажырашкан. Бул сандык көрсөткүчтөр, мыйзамдуу түрдө никеге туруп, мыйзамдуу ажырашкандар тууралуу. Бирок биз билбеген, шарият жолу менен нике кыйдырып, нике күбөлүгүн албай, үй-бүлө катары жашаган жарандар миңдеп саналат. Мындай үй-бүлөлөрдө түшүнбөстүк, шек саноо, ишенбестик жана башка көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.
“Данэль” коомдук уюмунун төрайымы Айнура Токтошева, 5 жыл Жогорку сотто эмгектенген. Ал нике күбөлүгү жубайлардын жашоосунда маанилүү экендигин, көп учурда маселе чечүүдө кереги тийерин айтты:
“Үй-бүлө бул коомдун негизи. Эртең кандайдыр бир үй-бүлөдө талаш-тартыш жаралса, сотко кайрылууга туура келет. Соттон биринчи кезекте бардык мыйзамга тиешелүү документтерди сурайт. Мисалы көп учурда күйөөсү кандайдыр бир шарт менен башка аял алам деген, 4 баласы бар келиндер сотко ыйлап келишет. Анан сотко келсе эч кандай документ жок, жыйынтыгында үйгө да жана башка эч нерсеге ээ боло албайт. ”
Атын атагысы келбеген каарманыбыз Суусамыр айылынын тургуну. Ал туугандары арасында нике күбөлүксүз жашаган үй-бүлө туурасында жана анын зыяндуулугун айтып берди:
“Жаштык кылып көп нерсени ойлонбой жасаган үй-бүлөлөр көп да. Мисалы менин иним үйлөнгөндө нике күбөлүк алышкан эмес. Себеби келинибиз 18 жашка чыга элек болчу. Андан кийин 18ге чыккандан кийин ал нерсе унутулуп калды. Эки балалуу болушту,бирок дагы деле нике күбөлүгү жок. Тилеке каршы түшүнбөстүктөр болуп, жакында эки жолго түшүштү. А балдардын метиркасы дагы деле жок.”
Мындай кырдаалдын аз болушу үчүн укук коргоочулар 18 жаштан өткөн бардык кыз-келиндерге расмий никеге сөзсүз турууну сунушташат. Жашоодо ажырашуудан башка да учурлар болушу ыктымал, андыктан балдардын келечеги, өзүн үчүн да бардык документтерди мыйзам чегинде колдонууга чакырышат.
“Сезим крисизтик уюмунун” жетекчиси Бүбүсара Рыскулова ал жетектеген уюмга мамлектеттик күбөлүк албаган келиндер көп кайрылат дейт:
“Кээ бирде келиндер көчөдө калышат. Никеси жок болгон учурда мүлк бөлүштүргөн дө да кыйналышат. Келиндер айтышат, жолдошу мага ишенбейсинби, кудай алдында жубай болдук деп коюшат экен. Бизде психолог, адвокаттар иштейт. Сотто закон ченеминде жардам бергенге аркет кылабыз.”
Суусамыр айыл тургундарынын да көпчүлүгү мыйзамсыз нике куруп жашагандарга терс көз карашта. Аны төмөндөгү сурамжылоодон угууга чакырабыз:
“Нике күбөлүгү жок үй-бүлөлөрдүкү туура эмес деп ойлойм. Ал үй-бүлөнүн бекем болушуна жана келечектеги балдардын жашоосуна кереги тиет.”
“Мунун мааниси абдан чон. Көпчүлүк жаштар азыр аны түшүнбөй жатышат. Бирок күнөөнү жаштарга койбошубуз керек, анткени ошол жаштарга улуулар, ата-энеси тушунук бериши керек.”
“Терс көз караштамын, эки жаш үйлөнгөндө созсүз биринчи орунда нике кагазын алышы керек. Бирок мен туугандар же тааныштар арасында нике кагазы жок жашагандарды кезиктире элекмин.”
“Эгер ЗАГС жок болсо, балдарына да документ алалбайсын да. Эгер документ болсо мамлекет тарабыан сүйүнчү акча да алсан болот, балдарга.”
“Сезим” Кризистик Борборунда 20 жыл аралыгында 25 миңден ашуун адам борбордун жардамын алышкан. Алардын 78% аялдар, 9% эркектер. Мындан улам жыл санап жарандык негизде үй-бүлө куруп же никесин мамлекеттик каттоодон өткөрбөгөндөр, алданып калган кыз-келиндер, бой жеткенче өздүк документ ала албаган өспүрүмдөр көбөйгөндүгүн билсек болот. Андыктан урматтуу угарман балдардын жаркын келечеги жана өзүнүздүн бейпил, бактылуу жашооңуз үчүн бардыгын мыйзам чегинде жасаганга чакырабыз!
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы