Сокулук районунун Жал айылындагы Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясы 2020-2021-окуу жылында «Чылымсыз мектеп» долбоорунун катышуучусу болду.
Гульшан Абдылдаева — Билим Берүү жана Илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси:
«Билим берүү тармагы- чылымсыз билим берүүдөн деп башталса эң жакшы болот деп айтсам жанылышпайм. Себеби билим берүү тармагы башында эле бала бакчалдан баштап жогорку окуу жайларга чейин негизи эле чылымсыз болуш керек. Мисалы, биз айтабыз, ата-энелерин көрүп үйдө балдар тарбияланат деп. Анда чылым чеккен ата же эне өзүнүн баласына тамеки тартпа деп берген тарбия кандай болот? Ошондуктан, балдардын экинчи ата-энелери бул эң биринчиден биздин мугалимдер. Ата- энелеринен да эң жакын кесипкөй ээлери. Мугалимдер эң биринчиден баланы тарбиялоодо, чылымды чекпөөгө өзүбүздөн баштап, андан кийин балдарга тарбия берүүбүз туура болот. Чылым чегүүдөн билим берүү тармагы алыс болушубуз керек.
Эң жакшы тарбия балдарга билим берүү гана эмес, тарбияны эң биринчи биз өзүбүздөн башташыбыз керек», — деп өз оюн билдирди.
Алина Алтымышова — Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун-улуттук кызматкери:
«Чылымсыз мектеп проектиси эң маанилүү проект, анткени мектеп-сергек жашоого жоопкерчиликтүү жүрум- турумун түзүү көндүмдөрүн үйрөтүү жана өнүктүрүү боюнча окуучулар менен иш алып барууда өтө чоң ролду ойнойт. Мен абдан кубанычтамын сиздердин мектеп проектке катышканына. Бул Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун пилоттук проекти. Мектептер проекттин талабына ылайык окуу- тарбия процессинде сүрөт сынагына, сурамжылоого, вебинарларга активдүү катышышты», — деди.
Дамира Исабекова — дарыгер:
«Улуттук Саламаттык Сактоо уюму никотинсиз жана тамекисиз мектеп боюнча долбоордун алкагында иштеп жатабыз. Биз Билим берүү жана илим министирлиги менен биргеликте мектептерди таңдап алып иш жүргүздүк. Анткени, азыркы мезгилде жаштардын арасында тамеки чегүү көбөйүп баратканы өкүнүчтүү. Андан тышкары, түтүнсүз заттар насвай, таблеткалар, электрондук тамекинин болушу да чоң көйгөй. Себеби, жаш өспүрүмдөрдүн өнүп-өсүшүндө жаш организимдерине адбан зыян экенин медицина маалымдайт.
Пилоттук програманы ишке ашырууда төмөнкү мектептер тандалып алынган:
1.Чуй облусунун Сокулук районундагы Жал айылынын Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясы.
2.Бишкек шаардык №38 Райкан Шукурбеков атындагы окуу- тарбия комплекси
3.№74 мектеп-гимназиясы, Бишкек шаары.
4.Нарын шаарынын №8 А. Буйлаш уулу атындагы орто мектеби.
Долбоордун максаты, жаштарга тамекинин ден соолукка зыян экендигин окуучуларга класстык саат, сүрөт сынагы, семинарлар, сурамжылоо жүргүзү жана презентация даярдоо аркылуу маалымат берүү, ошондой эле берилген маалыматтар боюнча кайтарым байланыш жүргүзүү. Мисалы, биздин оюбузда, окуучу сүрөт тартып жатканда тамекинин канчалык зыян экенин билип башкаларга да айта жүрөт деп ишенебиз»-деп өз оюн билдирди.
Марлен Базаркулов