Өлкөдө COVID-19 вирусу кайрадан күчөп жатат. Суусамыр айылдык ооруканананын абалы кандай? Мурда COVID-19 вирусуна чалдыккан адамдар кайрадан ооруган жокпу деген суроо менен Суусамыр айылдык оорукананын башкы дарыгери Бурулкан Турдубековага кайрылдык:
«Учурда Суусамыр айылдык ооруканада абал орточо. 7-майдан 24-июнга чейинки жалпы 86 бейтап COVID-19 вирусуна чалдыккан. Вируска чалдыккан адамдар ооруканага кайрылып, анализдерин тапшырып жатышат. Бейтаптардан ПЦР анализдерин алып, күнүгө же болбосо күн алыс райондук ооруканага жеткизип жатабыз.
Учурда Суусамыр ооруканасында эки мобилдик бригада иштеп жатат, ооруп калган бейтаптардын үйлөрүнө чейин барып, карап, текшерип иштеп жатабыз. Учурда 15 абалы оор бейтаптарды тез жардам унаасы менен райондук ооруканага жеткирилди. Вирустун жеңил түрү менен ооруп жаткан бейтаптарды райондук оорукана кабыл албайт, ошондуктан, бейтаптар үйлөрүнөн дарыланып жатышат. Биз колдон келген жардамыбызды көрсөтүп жатабыз.
Суусамыр айылдык ооруканада COVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптар жата турчу жай ачылган жок. Себеби, квалификациялуу дарыгер жок. Биринчиден, шартка байланыштуу ооруканага кызыл зонаны ача албайбыз. Экинчиден, вирусту толук текшерип бергендей шарт жок. Учурда бир дарыгер үй- бүлөлүк, жөнөкөй ооруларды карап иштөөдө, ал эми эки дарыгер COVID-19 вирусуна карата иштеп жатабыз.
Элге кайрылуум бир жолу колдонулуучу беткаптарды тагынып, тазалыкты, аралыкты сакташсын демекчимин».
Атын атагысы келбеген Суусамыр айыл аймагынын тургуну COVID-19 вирусуна экинчи ирээт чалдыккан, төмөндө учурдагы абалы тууралуу айтып берди:
«Биринчи күнү чүчкүрүп, андан кийин алсыроо байкалды. Мен сасык тумоо деп ойлоп, дароо эле ооруканага кайрылдым. Анализ тапшырсам, кайрадан COVID-19 вирусу менен ооруп калганым белгилүү болду. Учурда жөтөлгөн жокмун, дене табым деле көтөрүлгөн жок. Башым ооруп, алсырап, мурдум ачышып эки күндөн бери муундарым ооруксунтуп жатат. Дарыгерлер 5 күнгө дары, капельница жазып беришти. Ковидке каршы вакцина ала элек болчумун, себеби, аллергиям бар болгондугуна байланыштуу доктурлар эмдөө алганга болбойт деп айтышкан.
Андан тышкары, үйдөн балдарымдан алыс болуп, өзүнчө тамактанып, башка бөлмөгө жатып аралашпаганга аракет кылып жатам. Үйдүн ичин бат-баттан желдетип тазалоо иштерин жүргүзүп, социалдык эрежелерди кармап жатабыз. Бирок ооруканага барып капельница алганга туура келет. Ооруканада азыр анализ тапшыргандар, ооругандар көп экен. Эмдөөчү бөлмөнү кызыл зона кылып, ооругандар башка эшик менен кирип жатышат.
Былтыр дагы COVID-19 вирусуна чалдыгып, 20 күндөй ооруп жаткам. Бирок оорудан кийин вирустун кесепеттери бир топко чейин кетпейт экен. Былтыр ооругандан кийин аллергиям каттуу кармап, эс тутумум начарлап кеткен.
Мед кызматкерлер күчтүү тамак ичкенибизди талап кылып жатышат. Иммунитетти көтөрүү максатында кайнатма шорпо, эт, кымыз, жер- жемиштерди жегенге аракет кылып жатам. Учурда абалым жакшырып баратат».
Ал эми COVID-19 вирусуна чалдыгып, айыккан бейтаптан дагы кабар алдык. Суусамыр айыл аймагынын тургуну Элдияр Жаркынбеков 2020-жылдын жай айларында вируска чалдыккан:
“COVID-19 вирусу менен 2020-жылдын жай айларында ооруп калдым. Таажы илдети тууралуу айта кетсем, бардык эле эрежелерди сактагандай болуп жаткам. Таажы илдетин алгач жуктуруп алганда, биринчи жыт, даам сезбей баштадым. Тамакка табитим жок болуп, жөтөл пайда болду. Дароо эле ооруканага кайрылдым, анализ алышты. Мед кызматкерлер дарылап, жардамдарын көрсөтүп жатышты. Достордон туугандардан, алыстап турууга мажбур болдум. Иммунитетти көтөрүүгө үй шартында жакшыраак жана бат-баттан тамактанып турдум. Ар дайым кыймылдап, спорт менен да машыкканга, тердегенге аракет кылдым. Бир жумада өзүмдү жакшы сезип калдым. Азыркы учурда абалым канааттандырарлык”.
Илдеттен соң оор жумуш жасаганга болбойт
Төлөк айылында COVID-19 илдети менен ооругандар катталды
Айдана Токтобекова