Ноокат районунун Арбын айылынын тургундары жаш үй — бүлө Белек Жолдошов жана Мээрим Алибаева тигүү цехин иштетишет. Алар мурда соода тармагында иштеп, учурда чакан кийим тигүүчү ишкана ачышты. Бул тигүү цехинде көбүнчө эркектердин кийими, андан сырткары аял- эркектерге чыптамалар тигилет. Тигилип чыккан кийимдерди ишкерлер Кара-Суу базарында өздөрү сатышат.
Башында 4 тигүү машинасы менен башталган болсо, азыр алардын саны 30 дан ашкан. Цехке материалдар Турциядан жана Кытайдан келгендиктен, кийимдердин сапаты жогору болуп тигилет. Ишкерелер тигүүчүлөргө да шарттарды түзүп беришкен, эгер кааласа үйдөн тигип же цехте отуруп тигүү мүмкүнчүлүгү бар. Жумушчулар канчалык бат жана жакшы иштешсе, ошого жараша айлык маяна берип турушат.
Мээрим Алибаева: «Менин бир туугандарымдын баарынын тигүү цехи бар, 3 агам жана 2 эжем болсо алардын ар бири бирден тигүү цехин иштетишет, тигүү цехин иштетүү биздин үй бүлөбүздө бар нерсе. Башында оңой болгон жок, акырындык менен баарына жетишип жатабыз. Тигилген кийимдерди жолдошум экөөбүз Кара-Суу базарында сатабыз»,-дейт.
Белек Жолдошовдун айтымында «Мен соода тармагында жүргөнүмө 5 жылдын жүзү болду, биринчи базарда алып сатып жүрдүм. 2019-жылы тигүү цехин ачууну чечтик, биринчи 4 тигүү машинасын коюп өзүм кыркып жубайым тигип аны кайра өзүбүз сатып жаттык, акырындан чоңойтуп ушул даражага жеттик».
Ишкерлердин бул ишти баштаганына көп убакыт болбосо да азыркы учурда тигүү цехинде 20 дан ашуун адам жумуш кылат. Ишкана ачылгандан бери иштеп жаткан Дайыр Нурдинали уулунун айтымында: «Мен бул цехте материалдарды кыркып тигүүгө даярдап берем, бул жумуш оңой көрүнгөнү менен жоопкерчилиги чоң жумуш, бир эле жерден ката кетирсен жүздөгөн кийимди бузуп алышың мүмкүн».
Ишканада күнүнө 200 дөн ашык ар кандай кийимдин түрүн тигип чыгарат. Өндүрүлгөн товар Кыргызстанда эле сатылбастан коңшу мамлекеттерге да экспорттолот.
Курсантбек уулу Хусейн