Ата -эненин балдарына кылган мамилеси алардын келечегине чоң таасирин тийгизет. Айрыкча кыздарга чектөө коюп үйдөн чыгарбай, балдарды эшикке түртүп, коомчулуктагы катаал абалга туруштук бере алсын деген көз караштагы ата-энелер аз эмес. Ошол эле учурда замандын талабына ылайык кыз-эркек балдарга жынысына карабай, талантына, жөндөмүнө карата тарбия берген ата-энелер да коомчулуктун терең катмарын түзөт.
Куу-Майдан айылынын тургуну Барчынай Кудайбердиева 3 баланын энеси, учурда мектепте мугалим болуп эмгектенет. Ал баланы жаш курак өзгөчөлүгүн эске алуу менен тарбиялоо маанилүү деп эсептейт.
“Бир жашка чейинки баланын кыймылы көбөйүп, бир нерселерди өз алдынча кармап, сезип, туюу сезимдери ойгоно баштайт. Эң негизгиси баланын сүйлөө элементтери пайда болот.
1 жаштан 3 жашка чейинки мезгилде бала менен көбүрөөк сүйлөшүп, сөздөрдү туура так айтуу керек. Мисалы нанды нана дебей, ар бир сөздү толук айтып үйрөтүү керек. Себеби, баланын сүйлөө жөндөмү өзүнөн-өзү өспөйт.
3 жаштан 7 жашка чейинки мезгил, баланы мектепке даярдоо мезгили десек болот. Бул мезгилде балага көңүл бөлүп, кызыктуу китептерди окуп берип, ойлондуруучу оюндарды ойнотуп турсак жакшы болот.”
Балдар мектеп курагына келип, андан кийин өспүрүм курака өткөндө мезгилде аларга аяр мамиле кылып,коомчулукта калыптанып калган жынысына карап басым кылбай балдарга тегиз мамиле кылуу керектигин кошумчалады.
“Мен балдарымды эч качан сен кызсың сен баласың деп бөлгөн эмесмин, баарына тегиз мамиле кылам, кызым кылган ишти балам да кыла берет, балам кылыш керек болгон ишти кызым да кыла берет. Мен мектепте мугалим болуп иштегендиктен үйгө кеч келем балам мага тамак кылганга жардам берет, кызым болсо балам жок болгон учурда малдарды карап коёт.”
Ал эми Жапар Нышанов орто мектебинин директору Гүлмайрам Ысмаилова баланын ар бир жүрүм туруму, кыял жоругу, башкаларга кылган мамилеси бул анын ата-энесинин балага кылган мамилесинин жыйындысы болуп эсептелет дейт.
“Кесип тандоодо окуучу же болбосо кандайдыр бир жаран өзү тандаганга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Көпчүлүк учурда ата-энелер өздөрүнүн ойлорун балдар, кыздарга таңуулашат. Мисалы, мугалим болушун керек, врач же болбосо куруучу болушун керек деген сыяктуу. Жаштар болсо коомдун өнүгүшүнө карап кеткиси келет. Албетте бул учурда сөзсүз түрдө ата-эне дагы мугалимдер дагы окуучунун өзүнүн тандоосуна мүмкүнчүлүк беришибиз керек.”
Бала тарбиялоо эң жоопкерчиликтүү иш. Сиз күн сайын билип билбей балаңызга жасап жаткан ар бир мамилеңиз, анын жашоосуна өмүр бою кедергисин тийгизип, мүмкүнчүлүктөрүн чектеп же көптөгөн ийгиликтерге алып келиши мүмкүн.