21-мартта Чолпон-Атада өтүп жаткан көк-бөрү боюнча мелдеши аягына чыкты. Жыл сайын аталган оюн Нооруз майрамына карата өткөрүлөт. “Нооруз 2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шерниязовдун жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналды.
Жыл сайын Нооруз майрамынын урматына карата уюштурулган мелдеш республикалык деңгээлде болуп ага өлкөнүн бардык облустарынан улакчылар келип катышышты. Уюштуруучулар жылдан-жылга өлкөдө Көк-бөрү сүйүүчүлөр көбөйүп, мыкты даярдыкта келип жатышканын белгилешти.
Ошондой эле мунун далили оюндарда упай арасы дээрлик айырмаланбай бир эки гана упай менен белгиленди. Аталган турнирге катышуу үчүн алгач ар бир аймакта райондук, облустук деңгээлдеги мелдешттер уюштурулуп анда өзүн мыкты көрсөткөн оюнчулар тандалып алынат.Жаныш Конушбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Советский айылынын тургуну. Ысык-Көл облусунун атынан “Мурас” курама командасынын оюнчусу. Бул жолку оюнда алар Жогорку лигада ойношуп, 6-орунга ээ болушту. Буга чейин улакчы бир катар оюндарда “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты жекеме жекечи” наамдарына ээ болгон. Көк -Бөрү оюнун мектепте окуп жаткан кезден тарта ойноп баштаганын айтат:
“Айылда ар кандай улак оюндары болсо барып катшып турчумун. Улуу байкелерди көрүп эле үйрөнүп алгам. Өтө кызыгам. 2016-жылдан тарта лигага кирип ойноп баштадым. Көк-бөрү ойногон абдан жагат. Кыш мезгилинде ойнобой калабыз. Ал убакта кадимкидей сагынып каласың. Эми оюндар башталды. Негизинен бул кыргызда тээ илгертен келе жаткан улуттук оюну. Биздин каныбыз менен бир.”
Көк бөрү оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган. Соңку жылдары Кыргызстанда бул оюн эрежеге салынып, атайын ат майданда өткөрүлүүдө. Күйөрмандар арасында эң популярдуу улуттук оюндардын бири. Анда бир катар эрежелер бар. Мисалга алсак оюн учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынган:
Белгилей кетсек, Чолпон -Ата шаарында өткөн таймашта оюнчулар эки лигага бөлүнүп — Жогорку лига жана Биринчи лигада ойношту. Жыйынтыгында төмөндөгүдөй орундарга жана байлерге ээ болушту:
Жогорку лига:
1-орун – «Ынтымак» командасы, Талас облусу, байге – 500 000 сом;
2-орун – «Достук» командасы, Ош облусу, байге – 200 000 сом;
3-орун –«Сары-Өзөн» командасы, Чуй облусу, байге – 100 000 сом.
4-орун – «Ала-Тоо» командасы, Ош шаары, байге – 70 000 сом;
5-орун – «Жаш Күч» командасы, Баткен облусу, байге – 50 000 сом;
6-орун – «Мурас» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 30 000 сом.
Биринчи лига:
1-орун – «Кара-Буура» командасы, Талас облусу, байге – 100 000 сом;
2-орун – «Жети-Өгүз» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 50 000 сом;
3-орун – «Бакубат Талас» командасы, Талас облусу, байге – 30 000 сом.
4-орун – «Сокулук» командасы, Чүй облусу, байге – 20 000 сом.
Көк бөрү оюндары өткөрүүдө «Шоро» компаниясы колдоо көрсөтүп келет. Белгилей кетсек, «Шоро» компаниясына Федерациянын расмий улуттук суусундук статусу ыйгарылган.
Улакчылар эмнеден улам жаракат алышат?
Көк бөрү жаштардын эң сүйүктүү оюнуна айланууда
Сиздин уюлдук телефон үчүн пайдалуу жана акысыз 5 колдонмо
Айгерим Кубатбекова