FHI 360 уюмунун мониторинг жана баалоо бөлүмү тарабынан айыл тургундары арасында сурамжылоо жүргүзүлүп коомдук эс алуу жайынын жоктугу приоритеттүү деп табылган. Азыркы маалда көйгөйдү чечүү иштери башталды.
«Бул көйгөйдү чечүү үчүн демилгелүү топ түзүлгөн анын лидери Акыл Давлетов. Топтун курамында кайдыгер эмес, айыл үчүн күйгөн 7 адам бар. Азыркы учурда жашыл зонанын дизайны түзүлүп сметасы даярдалып жатат»,- деп билдирди Акыл Давлетов.
Айыл тургундарынын ичинен кайдыгер эмес адамдардан турган иш тобу түзүлүп келечектеги паркка «Ынтымак» деген ысым берилди. Жакынкы арада иш тобу каражат топтоо ишин баштап болочоктогу жашыл зонада курулуш иштери башталат.
Новое айылынын эли ички жолдорду өз күчү менен оңдоп алышты
Аяна Орозбекова