Нооруз майрамына карата мектеп ичинде кыскача иш-чара уюштурулду. Кыргыздын салт-санаасын, үрп адаттарын, салттарын аткарышып жана ыр, бий менен коштолуп улуттук оюндарды ойношту.
«Мен Касымова Мээрим. Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин музыка сабагынан берген мугалими болуп эмгектенем.
Келе жаткан Нооруз майрамына кичинекей иш-чара уюштуруп окуучуларды даярдадым. Даярдоого бир жума кетти. Окуучуларга сабак бергендиктен байкап жүргөм. Ооба ар бир окуучу менен анын мүнөзүн таап иштеш кыйын. Бирок мен бул нерседен ырахат алам. Сахнанын этикасына, артистизмге үйрөтүү оор болду. Кээ бир окуучуларым менен иштешип жүрдүм эле. Алар Жумабекова Бермет 3 жылдан бери, ал эми Света менен 2 жылдан бери. Ырдагандарын көрүп көз салып жүрөм. Абдан таланттуу кыздардан болуп келе жатышат. Ал эми иш-чарага 10-11-класстын окуучулары катышкан. Бардыгыбыздын мүнөздөрүбүз келишип аябай жакшы даярдануу менен эң мыкты деңгээлде өткөрүп алдык десем болот».
Кусейин Марат уулу, Аяна Аскарова