Нарын облусунун Кочкор районунун Дөң- Алыш айылынын Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектебинде жайгашкан зоологиялык музей, тургундарды ар кандай жаныбарлар менен тааныштырууда. Көкөбай Мамбеталиев атындагы музей Кыргызстандын белгилүү музейлеринин бири болуп саналат.
Музей 1960-жылы алгачкы жолу ачылган. Музейде 500гө жакын экспонаттар бар. Аларга көпөлөктөн баштап, балыктарга чейин, куштардын жана жаныбарлардын түрлөрү кирет. Айта кетсек эки баштуу музоо, бир көздүү козу жана сиам эгиздер атту жаныбарлары кездешет.
Азыркы учурда музей Көкөбай Мамбеталиевдин уулу Нукан Көкөбаевичтин көзөмөлүндө:
Нукан Көкөбаевич
«Музейди менин атам Көкөбай Мамбеталиев ачкан. Мурун Кызыл-Дөбө айылында ачылып, 1960- жылы Талаа-Булак орто мектебине которулган. Атам өзү биолог болгондуктан биология сабагын көрсөтмөлүү өтүү үчүн гербарий, курт-кумурскалаларды чогулткан. Балдардын билим сапатын көтөрүү максатында музейди курган.
Музейди өз каражаты менен ачкан, эч ким эч кандай каражат бөлүп берген эмес. Атам 1976-жылы оорудан кайткан. Ошол жылдардан баштап, мен атамдын жолун улагам. Өзүм дагы биология сабагынан берем. Музей мурун эски мектепте болгон. Азыр жаңы мектепке киргизилген.
Мектепти атам өзү курдурган, бирок тилекке каршы көрбөй калды. Мен музейди жөн калтырбастан, окуучуларга арнап жаңырта баштагам. Албетте, экспонаттарды коюуда көптөгөн кыйынчылыктар болгон. Мисалы, жаныбарларды атууга уруксат жок болгон. Бирок атам колуна тийгенди алган адам болгондуктан, каалаганын алган. Азыркы учурда курт-кумурскалар менен 500гө жакын экспонаттар бар».
Музейдин ичинен 500гө жакын экспонаттарды кездештирүүгө болот
Жаныбарлардын бир канча түрү бар
2016- жылы музей жаңы экспонат айбаттуу ак илбирс менен толукталган
Музейде эки баштуу музоо, бир көздүү музоо, сиам эгиздери да бар
Жыл сайын музейди көрүүгө Кыргызстандын ар тарабынан адамдар келишет
КУВАН ИМАНАЛИЕВ: Биз окуучулар менен Ысык-Көлдүн алдындагы шаардын музейин ачтык
Эркеайым Туткабаева, Аяна Аскарова, Бермет Белекова, Кусейин Марат уулу