Ноокат районунун Куу-Майдан айылында «Кана эмесе кыздар» аттуу класстар аралык сынак болуп өттү. Бул сынакка 9-10-11- класстан бештен кыз катышышты.
Катышуучулар өздөрүнө ат коюп, алты команда болду. Бул сынакта кыздар ата-энелерди, эжекелерди куттукташты. Сынакта беш программа коюлду: саламдашуу, көркөм окуу, кыргыз бийи, клип аткаруу жана суроо жооп.
Кыздарды калыстар тобу баалап отурушту. Күйөрмандар да кызуу колдоп жатышты. Конкурстун жүрүшү үч саатка уланды.
Жыйынтыгында 11-б классы 1-орунду, 11-а классы 2-орунду, 10-а классы 3-орунду багындырышты.
Бул жыйынтыкка кээ бир күйөрмандар нааразы болушту, анткени 9-б классынын аткаргандары кызыктуу болгонун айтып жатышты.
Катышуучу Аймончок Курсантбек кызы «биз жеңилсек да өзүбүздү 1- орунду алгандай сезебиз, себеби бизди күйөрмандар колдоп жатышты» деген оюн айтты.
Калыс Раабы Ашированын айтымында, чечим туура эле чыгарылган. «Кыздар күчтүү даярданышыптыр», — дейт Аширова.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн