Токтоян айылындагы А. Коёнкөзов орто мектебинде аял затынын эл аралык күнүнө карата сынак уюштурулду. Максаты — кыздарды келечекке даярдап үндөө.
Сынактын катышуучусу Айдай Осмонова төмөнкүлөргө токтолду.
«Мен бул конкурска катышканга абдан сыймыктанып жатам. Кыздар эки топко бөлүнүп жарыштык. Көптөгөн тапшырмалар болду, колубуздан келишинче тапшырмаларды аткарганга аракет кылдык», — деди Айдай.
Малика Аскерова сынакка катышып жаңы жөндөмдөрдү өздөштүрдүм дейт.
«Мен бул конкурска өз каалом менен катышкам. Сынакта керексиз нерселерден кооз көйнөктөрдү жасаганыбыз абдан жакты. Мен жыл сайын эми сүйүнүү менен катышканга даярмын», — дейт Малика.
Мектептин директору Калык Албанов бул конкурс жылда өткөрүлүп тапшырмалардын ооруна карабай аткарышарын айтты.
«8-март аял затынын эл аралык күнүнө карата атайын конкурс уюштурулду. Негизинен бул конкурс жылда өткөрүлүп келет. Көптөгөн кыйын тапшырмалар болгонуна карабай кыздар өздөрүнүн мыктылыгын көргөзүшөт», — деп билдирди мектеп директору Албанов.
Даярдагандар: Нуриса Максат кызы, Адилия Мундукова
Сынак үчүн