Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде 17-февраль күнү «Кел, китеп окуйлу!», «Сен китеп ачасың, китеп сени ачат» деген аталыштагы райондук семинар болуп өттү. Семинарга райондун бардык 21 мектебинин башталгыч класстарынын завучтары, секция жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмүнүн, акимчиликтин өкүлдөрү жана бир катар коноктор катышты.
Сен китеп ачасың, китеп сени ачат!
Иш чаранын жүрүшүндө «Окуу Керемет» долбоорунун стратегияларын колдонуу менен сабактар жана класстан тышкаркы иштер көрсөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты аталган мектептин башталгыч класстын иштери боюнча директордун орун басары Дүйшө Албанова билдирди. Анын айтымында бул иш чара китеп окуу боюнча 5-6 жылдык иштин жыйынтыгы катары болду дейт:
«Биздин балдар жана коом азыркы учурда китеп окуудан алыстап кеткендигине байланыштуу, көп жыл мурун эле биз бул көйгөйдүн үстүнөн иштеп баштаганбыз. Мындан бир жыл мурун биздин мектептин башталгыч класстын мугалимдери «Окуу керемет» долбооруна катышып, анда алган методикалар менен бир жылдан бери иштеп келе жатышат.
Дүйшө Албанова «Окуу керемет» долбоорунун жүрүшү жана методикалары менен тааныштырды
Анын негизинде мектепте ар бир класстын өзүнүн “Китеп куржуну” уюшулуп, ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып барылган. “Окуу сааты” иш чарасында “365 күн” китебиндеги жомокторду ар бир күнү ата-энелер түзүлгөн график боюнча мектепке келип, окуп берип жатышат. Бул иш чараны ата-энелер гана эмес Ача- Кайыңды айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү дагы мектепке белек катары китептерди берүү менен тыгыз байланышта иштешип жаттык. Андан тышкары «Кооз китеп» көргөзмөсүнө ата-эне менен окуучулар, мугалимдер менен өзүлөрү жасаган китептер көрсөтүлдү.
Кооз китеп көргөзмөсү
Үч ачык сабак өтүлүп, класстан тышкаркы иш чара уюшулду. Бул семинардын негизги максаты райондун башка мектептерине китеп окуунун методикалары менен бөлүшүү, алып барган ишибиз боюнча отчет болду десем болот.»
Адабият сабагынан өтүлгөн ачык сабактар
Орус тилдүү класстарда өтүлгөн ачык сабак
Сабактан тышкаркы иш-чаралар
Ал эми Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жылдыз Жанталиева, «Окуу саатынын» негизинде балдарга жомок окуп берип, өз сөзүндө иш-чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгиледи:
Акимдин орун басары балдарга китеп окуп берди
«Мына Ой-Терскен мектебинде болуп жаткан иш-чара мени жакшы сезимдерге алып келди, мен китеп окуганга абдан чоң маани берем, ал эми азыркы балдар чын эле китептен алыстап кетти, китеп окуу баланын жан дүйнөсүн байытат. Андыктан бардык жаштарды китеп окууга үндөйт элем. Ал эми мектептин мугалимдеринин, окуучуларынын ушундай чыгармачылык менен иш алып барганын көрүп кубанып жатам. Мен ойлойм мындай аракетти мектепте гана эмес башка мекемелердин өкүлдөрүнө жайылтуу керек».
Эки ирет Кыргызстандын мыкты окуучусу аталган Гүлсүнай
Жылдыз Бекбоо кызы, Айтурган Токтобаева, Айназик Асылбек кызы