Замандын өзгөрүүсү менен коомчулукта макал-лакаптардын мааниси дагы өзгөрүүгө муктаждай. Мурда ошол мезгилге алардын мааниси туура келген болсо, бүгүнкү күндө кандайдыр бир чектөө, басым коюп жаткандай элес калтырат. Биз алдыда макалдардын жаңыланган түрүн сунуштайбыз.
Жогоруда өзгөртүлгөн макалдар кыздарга же балдарга карата бөлүп жарууну, тыюуларды жок кылып, аларга дем-күч берип, колдоо көрсөтөт.
«Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева мындай макалдарды сунуштагандардын бири. Демилгени аймактардагы аялдар көтөрүп чыгышканын айтат:
“Бул негизинен Бириккен Улуттар Уюмунун тапшырмасы менен даярдалган. Стереотип болуп калган макалдарды гендердик теңчиликти сактоо үчүн, туура мааниде кылып өзгөртүп, атайын тизмелеп чыкканбыз. Демилгени аймактардагы аялдар өздөрү көтөрүп чыгышкан. Жергиликтүү кеңешке талапкер болууда аларга тоскоолдук жараткан бул албетте стереотиптик көз караштар, анын ичине албетте стереотиптик макалдар кирет. Макалдарды да талапкер аялдар сунушташкан”.
Макалдарга элдин пикири кандай экенин билүү үчүн сурамжылоо жүргүзүп көрдүк. Айрымдар макалдар тээ илгертен келе жаткан накыл кеп ага көнүп калганбыз деп эсептесе кээ бири айрым макалдар эски көз карашты чагылдырып турат деп эсептешет:
Мындай стереотиптүү макалдар коомчулукта теңсиздик көз карашын өнүктүрүп, эркектерге же аялдарга болгон басынтууларга алып келет.