Бүгүн 13-февраль 2017-жылдан баштап салт болуп калгандай, «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Карабаев Исманали Сүлүктү шаары боюнча Ооган согушунда каза болгон жана Оогандан келгенден кийин каза болгон жоокер интернационалисттердин үй-бүлөлөрүнө барып көңүл айтып, колдон келген материалдык жана моралдык жардамын берүүнү баштады.
«Бул иш чараны көп жылдан бери, Ооган жоокерлеринин майрамына карата уюштуруп келе жатамын. Иш чара бүгүндөн баштап 15-февральга чейин уланат. Интернационалист жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө кам көрүү атуулдук парзым»- дейт Исманали Джумабаевич.
«Исманали Джумабаевичтин кайрымдуулуктарын Жараткан өзүнөн кийинки муундарына мээрими менен кайтарсын»- дейт атын атагысы келбеген Ооган жоокеринин өмүрлүк жубайы.
Иш чара жөнүндө кийинчерээк толук маалымат беребиз.
Кабарчы: Б. Сапаркулов