Түп районуна караштуу Токтоян айылында көп жылдык бак-дарактар бар. Алардын арасында бир жарым кылымдык дарак да бар.
Бул бак айыл тургуну Кудайбергеновдордун үйүнүн жанында өсүп тургандыктан алар бул тууралуу төмөндөгүлөрдү баяндап беришти.
“Менин чоң атамдын айтуусу боюнча, бул бакка 100 жылдан ашык болду. Анын кандайдыр бир касиети бардай сезилет деп айтчу эле. Мен кичине кезден баштан бул бак турат. Азыр бул бак көптөгөн канаттуу куштардын үйүнө айланды”, — деп токтолду Чалбас Кудайбергенов.
«Бул бактын өсүүсү да абдан кооз. Мага эң бийик бактай көрүнүп турат. Биз жайында ушул бактын жанында футбол ойноп, көңүл ачабыз. Өзгөчө жайында бак өз көркүнө чыгат”, — дейт айыл тургуну Бегзат Кудайбергенов.
Даярдаган: Шайыков Ахмет
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн