Түп районундагы Токтоян айылынын Коёнкөзов мектебинде физика, география сабактары боюнча жумалык жарыяланды. Бул жумалыктын негизги максаты — физика жана география сабагынан окуучуларга тереңдетип билим берүү.
Ошондой эле бул жумалыкта физика, география сабагына байланышкан ар кандай видеороликтер көрсөтүлдү.
География сабагы боюнча мугалим Элмира Мукамбетова ушул сабак менен гана декада жыйынтыкталбастыгын өз сөзүндө айтып өттү.
“Миң уккандан бир көргөн артык эмеспи. Ошол себептен бүгүн окуучулар менен Кыргызстандын кооз жерлерин, рельефин, жоголуп бара жаткан жаныбарларын видео аркылууу көрсөтүп, талкуу жүргүздүк. Бул сабак абдан жакшы өттү деп ойлойм. Албетте ушул сабак менен эле бул декада жыйынтыкталбайт. Алдыда дагы “Билерман Ордо” аттуу сынак уюштуруп, ага даярданып жатабыз”, — деп билдирди Мукамбетова.
Мектеп окуучусу Малика Турдубекова жумалык кандай өтүп жатканын боюнча буларды айтты.
“Бизге видеодон география сабагына байланыштуу кызыл китепке кирген жаныбарларды көрдүк. Жана алардын азайып, жок болуп бара жатышына эмне себеп экенди тууралуу кеңири талкуу жүргүздүк”, — деп билдирди Турдубекова.
Даярдаган: Нурпери Нуркасым кызы
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн