Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебинин 10-классынын окуучулары айылдык усталарга барып, алардын жасаган иштери менен кенен таанышып келишти.
10-классынын окуучусу Саламат Шайкиновдун айтымында, иш-чаранын максаты — усталардын жасаган иштери менен айыл тургундарын тааныштыруу.
«Биз бул сапарда көптөгөн усталар менен таанышып, алардын иштерине кызыгуу менен карадык. Мисалы, Маматкулов Нурлан байке авто желимдөөнү өз колу менен жараксыз тетиктерден жасаптыр. Ал эми дагы бир жердешибиз Шатенов Садыр байке чөп туурагыч машинка жасаганы абдан кызыктуу экен. Жаамбаев Максат байкебиз да жараксыз тетиктерден трактор жасаптыр, бул сапар мен көптөгөн жакшы нерселерди үйрөнө алдым”, — деп айтып өттү Шайкинов.
Бул усталар буга чейин да көптөгөн жараксыз нерселерди жарактуу буюмга айландырышкан. Мисалга алсак, Садыр Шатенов дробилка жана ширечыгаруучу машиналарды да даярдаган.
Даярдаган: Шайыков Ахмет
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн