Акыркы күндөрү коронавирус илдети жана өпкө кагыны күчөп, ооруп 118 мобилдик бригадага телефон чалып же түз эле ооруканаларга кайрылгандардын саны көбөйдү.
Талас шаарынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери эл көп жүргөн коомдук жайларды дезинфекциялоо иштерин байма-бай жүргүзүшүүдө.
«Талас шаарындагы борбордук базар, Манас-Сарыгулов-Оторбаев көчөлөрүнүн тротуарлары, коомдук аялдамалар, почта каттоо бөлүмү, соода түйүндөрү, ири соода маркетингдер, көп кабаттуу үйлөрдүн подъездери, кабаттуу үйлөрдүн алдындагы балдар ойноочу аянттар, сейил парк, эл көп баскан тротуарлар жалпы 34600 чарчы метр аянтка дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Дезинфекциялоо ишине өрт өчүрүү кызматынын адистери тартылып, мэрия тарабынан көзөмөлгө алынууда», — деп билдирди Талас шаарынын вице мэри Максат Байжигитов.
Талас шаарында борбордук базар жана төрт райондон кардарлар келген чоң мал базары бар. Андыктан, соода-сатык жүргүзгөндөр Талас шаарына үзгүлтүксүз каттап турушат. Илдеттин жайылышынын алдын- алуу максатында шаар аралык “Биримдик” ишканасынын коомдук маршруттук эл ташыган айдоочуларына жана жеке такси кызматкерлерине эскертүүлөр берилип коопсуздук эрежелерин колдонуу үчүн көзөмөл күчөтүлдү.
Ошондой эле, шаар аймагындагы тамактануучу жайларга, ашканаларга, тез татым түйүндөрүнө, чачтарачтарга, сулуулук салондоруна, кийим сатуучу жеке ишкерлерге, мончолорго эскертүүлөр берилип, санитардык эрежелерди аткаруу менен коопсуздук чараларын көрүү милдеттендирилди.
Учурда Талас облусундагы бардык мечиттерге коопсуздук эрежелерин катуу көзөмөлдөө жана жума намаздарында социалдык аралыкты сактоону камсыздоо тапшырмасы берилген. Ал эми Талас шаарындагы христиан чиркөөсү жана башка диний жайларда коопсуздук эрежелеринин сакталышы тууралуу диний кызматкерлерге эскертмелер берилди.
«Акыркы жылдарда Талас шаарындагы мектептердин аянттарына жана башка бош турган жерлерге футбол аянтчалары салынууда. Футбол, волейбол ойносо албетте, жакшы деңизчи, бирок, коронавирус илдети жайылып жатканда түнкүсүн деле күндүз деле топтолуп топ тээп жаткандарды көрөбүз. Балдарыбыз спортко кызыгат. Жаш немелер ойногусу келет, бирок, оору жугуп калат деп кооптонот экенсиң», -дейт Талас шаарынын жашоочусу Батма Байымбетова.
Ал эми шаардын биринчи вице-мэри Максат Байжигитов футбол аянттарына топтошуп оюн ойноого, мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынганын билдирди.
Таажы тумоосунун экинчи толкунунда түшүндүрүү иштери кайрадан башталды
Мира Сейдикеримова