Ош шаарында Араван районундагы алты айыл өкмөттүн кызматкерлерине жана Ноокат шаардык мериясынын кызматкерлерине USAID долбоору коммуникациялык стратегия боюнча «Ийгиликтүү аймак» долбоорун ишке ашыруу максатында үч күндүк тренинг уюштурду. Тренингке жалпы 32 кызматкер катышты.

Бул тренингдин негизги максаты «Ийгиликтүү аймак» долбоору айыл өкмөттөрдөгү жарандарга кызмат көрсөтүшүн жакшыртуу. Бул тренингде кызматкерлер калкка маалыматты жеткирүү, калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жөнүндө окуп билишти.

Үч күндүк тренингде айыл өкмөттүн кызматкерлери өтө жогорку деңгээлде маалыматтарды алышты жана бири бири менен тажрыйба алмашуулар болду.


Муатбекова Батма тренингде окуп жаткан кызматкер: Бул тренингден мен өтө көп нерселерди алып жатам, себеби айыл өкмөттө иштеп жатып ушул нерселерге биз өтө муктажбыз. Биз башка айыл өкмөттөгү кызматкерлер менен тажрыйба алмашууну үйрөндүк. Бизди окутуп эле тым болбостон өздөрунүн оюндары менен сабак аябай кызыктуу өтуп жатат. Көп нерсени үйрөндүк , биз айыл өкмөттө иш алып барууда маалымат каражаттарын жеткирүүнү, пландарыбызды кантип ишке ашырууну, баардык кызматтардын жакшыруусуна шарттарды түзүү үчүн бизге өтө чоң пайдалуу тренинг болуп жатат деп билдирди.
Даярдаган: Жалалова Таңнуру