Нарын районуна караштуу Оттук айылында 5-март күнү «Ак калпак» аттуу парады болду. Мындай көрүнүш жыл сайын окуучулар арасында болуп келет.
Алгач окуучулар окуусунан тарагандан кийин, ар бири ат минип, калпактарын кийишип, мектеп алдында чогулушту. Парадка 5-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары өз каалоолору менен катышты.
Мектеп окуучулары
Парад мектептин алдынан башталып, Оттук айылынын башынан аягына чейин шаңдуу ырлар менен коштолду.
Жаш балдардын ишин көргөн элдер телефондоруна тартышып, «Патриот деген ушундай болот!» деп алкыш айтып жатышты.
Карып Чүмөдөев батасын берип жаткан учуру
Окуучулар айылдын аксакалдарына жана улуу муундагы айыл тургундарына ак калпак кийгизишип, баталарын алышты.
Окуучулар Амантур Кенжебаевке ак калпак кийгизип батасын алышты
Ноорузбай Карагулов окуучуларга ыраазычылыгын билдирди
Самарбек Асылбеков окуучулар менен
Оттук айылынын айыл башчысы Самарбек Асылбеков балдарды жылмаю менен тосуп алды. «Намысты коргогон патриот жигиттерден болгула!» -деп чакан белегин берип, ак калпагын кийип балдар менен парадды жыйынтыктады.
Куткелди Жаныбеков