Кыргыз Республикасынын аялдар Конгрессинин Президенти Замира Акбагышева тарабынан чыгарылган «Кыргызстан айымдары» китебине Оттук айылынан бир катар алдыңкы айымдар киргизилген.

Орозобүбү Исматова
Исматова Орозобүбү Исматовна 1948-жылы Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында туулган. 1955-1964-жылдары Ак-Жар атындагы мектебинде билим алган. 1968-жылы Нарын медициналык окуу жайынын акушерка бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолун Жерге-Тал айылдык ооруканасында баштап, 15 жыл эмгектенген. 1983-1999-жылдары Казан-Куйган айылдык ооруканасында иштеп, 1999-жылы эмгек эс алуу өргүүсүнө чыккан. Үзүрлүү эмгеги, жигердүү жетишкендиктери үчүн бир катар Ардак грамоталар менен сыйланган. 1981-жылы “Медаль материнства”, 1989-жылы “Ветеран труда”, 2002-жылы “Почетный донор” медалдарына татыктуу болгон. Кыргызстан аялдар Конгрессинин “Өрнөктүү эне” медалынын кавалери. Бир кыз, алты уул, он төрт небере, бир чөбөрөнүн ардактуу чоң энеси.

Букен Шабданалиева
Шабданалиева Букен Нурдиновна 1951-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. 1958-жылы В.Чкалов атындагы мектепке кирип, 1968-жылы аяктаган. Ушул эле жылы Нарын шаарында тиричилик комбинатында эмгектенип баштаган. 1969-жылы Бишкек шаарындагы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз- келиндер педагогикалык институтуна тапшырып, орус тили жана адабияты мугалими кесибине ээ болгон. 1974-жылдан баштап Оттук орто мектебинде иштеп баштаган. 2001-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 2004-жылдан 2008-жылга чейин Казан-Куйган айылындагы №50 Кесиптик лицейинде эмгектенген. Эмгек жолунда бир нече сыйлыктардын ээси боло алды. 1995-жылы “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган, “Эне даңкы медалынын” жана Кыргызстан аялдар конгрессинин “Өрнөктүү эне”медалынын кавалери. Беш баланын сүйүктүү апасы.

Мыскал Байгазиева
Мыскал Байгазиева 1951-жылы 20-февралда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылында туулган. Башталгыч билимди Калинин атындагы мектептен алган 1966-67-жылдарда Фрунзе шаарындагы №5-орто мектебинен 10-классты бүтүргөн. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик Университетинин филология факультетине кабыл алынып, 1973-жылы кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон. 1973-жылдан баштап Нарын районундагы Оттук орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 1985-жылдан 1992-жылга чейин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын аркалаган.
2002-жылдан бери карай «Элетайым» коомдук бирикмесин жетектеп келет. Айылдык инвестициялык бирикменин төрайымы, аксакалдар сотунун төрайымы, «Айыл демилгеси» коомдук бирикмесинин мүчөсү, ПРООН, Сорос-Кыргызстан, АБР, АРИС, Агахан, ЮСАИД, ЦПЖ донордук уюмдары менен иш алып барат. 2004-2008-жылдары Он-Арча айылдык кеңештин, 2008-жылдан 2012-жылга чейин Нарын райондук кенештин депутаты болуп шайланган. 2010-жылы Он-Арча айыл аймагынын Оттук айылына өздүк китеп фондусунун негизинде китепкана ачкан. 2004-2011 «Жарандык Коом үчүн Коалициясы» коомдук бирикмеси тарабынан Жергиликтүү Кеңеш, Жогорку Кеңеш, Президенттик шайлоолордо узак мөөнөттөгү байкоочу жана кыска мөөнөттөгү байкоочулардын координатору болуп иштеген.
Окуу тарбия иштериндеги жетишилген ийгиликтери үчүн Нарын райондук элге билим берүү бөлүмүнүн, облустук билим берүү башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин, Жогорку Кеңештин, Кыргызстан аялдар Конгрессинин, Аялдарды коргоо борборунун, Демократия жанан жарандык коом үчүн коалициясынын, ошондой эле коомдук уюмдар менен активдүү иштешкендиги үчүн «Ардак грамоталары» менен, 1993-жылы «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган. Нарын районунун «Ардактуу атуулу».
Жолдошу Айтыгул Асылбеков менен 2 уул 4 кыз, 17 небере, 2 чөбөрөнү өстүрүп тарбиялашкан.

Светгүл Чөкчөева
Чөкчөева Светгүл Жумамүдүновна 1956-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Исакеев айылында жарык дүйнөгө келген. Сегиз бир туугандын улуусу болуп, 4 ини, 3 сиңдинин эжекеси. 1963-1973-жылдары Большевик атындагы орто мектебинде билим алган. Ушул эле жылы Жалал-Абад медициналык окуу жайына тапшырып, 1976-жылы акушер кесибине ээ болуп, окууну ийгиликтүү аяктаган. Ушул эле жылы Кочкор райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө эмгек жолун баштаган. 1979-жылы Нарын районунун Казан-Куйган айылдык ооруканасына которулуп келген. Бул ооруканада 33 жыл эмгектенип, калктын саламаттыгын сактоодо зор салым кошуп, 2012-жылы 56 жашында эмгек өргүүсүнө чыккан.
2004-2012-жылга чейин айылдык ден соолук комитетинин (АДК) мүчөсү болуп, 2012-жылдан баштап АДКнын жетекчиси болуп эмгектенет. Үзүрлүү эмгеги, жигердүү жетишкендиги үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун ассоциациясынын Ардак грамотасы, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргызстан аялдар Конгрессинин “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалынын кавалери.
1976-жылы жолдошу Эсенбек Жамангулов менен баш кошуп, 5 баланы тарбиялап, турмуш жолуна узатышкан.

Алымбүбү Айдакеева
Айдакеева Алымбүбү Асанкуловна 1962-жылы Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Тогуз бир туугандын сегизинчиси. 1970-1980-жылдары Миң –Булак орто мектебинде билим алган. 1981-1985-жылдары Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунда билим алган. 1985-жылдан тартып Оттук орто мектебинде математика жана информатика сабактарынан билим бере баштаган. 1990-1991-жылдары Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын катарына кирип, партиялык иштерди жүргүзгөн. Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында райондук, облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланып, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси. Жолдошу Эдилбек Кененбаев менен үч уул, бир кызды тарбиялап, турмуш жолуна узатышты.

Бактыгүл Сарматова
Сарматова Бактыгүл Кайырбековна 1968-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган. 1975-1985-жылдары К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинде билим алган. 1985-1989-жылдары В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктап, башталгыч класстын мугалими адистигине ээ болгон. Эмгек жолун Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияда баштаган. 1993-жылдан тартып Казан-Куйган айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде иштеп келет. Эмгек жолунда бир катар сыйлыктарга татыктуу болгон. Мектептин, райондун, облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн Ардак грамоталарын ээси, 2013-жылы Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, 2017-жылы КРнын “Ардактуу айымы” ордени, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. Кыргызстан аялдар Конгрессинин “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалынын кавалери. Жолдошу Токтогул Сапарбаев менен 4 баланы тарбиялап келишет.

Канымжамал Жуматаева
Жуматаева Канымжамал Асанбековна 1960-жылы жарык дүйнөгө келген. 1983-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин англис тили факультетин аяктаган. Ушул жылдан тартып Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде иштеп келет. Окуучулары райондук, облустук, республикалык олимпиадаларга ийгиликтүү катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келишет. Бул жылдары өзүн мыкты, кесипкөй, иштерман мугалим катары көрсөтүп, бир катар райондук, облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак граматосы менен сыйланган. “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси. Жолдошу Табылды Тиленбаев менен 4 баланы тарбиялап өстүрүшкөн.

Айнур Малабаева
Малабаева Айнур Абанасировна 1962-жылы Нарын шаарында туулган. 1970-1980-жылдары Оттук орто мектебинде билим алган. 1980-1985-жылдары Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетин окуп бүтүргөн. Дипломдук практикасын Ленинград мамлекеттик университетинде өтүп, ЛГУда жактаган. Эмгек жолун 1985-жылы Лахол айылында баштаган. 1986-жылы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебине химия сабагынын мугалими болуп дайындалган.
2015-жылы “Суу сактоочулары” эл аралык экологиялык долбоорго катышып, алдыңкы беш жеңүүчүнүн бири боло алды. Иш тажрыйбасында көптөгөн долбоорлорго катышып, улуттук тренер катары да эмгектенип келет. Эмгек жолунда бир катар сыйлыктардын ээси боло алды. Райондук, облустук билим берүү бөлүмүнүн Акдак грамоталары, КРнын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, “Билим берүүнүн мыктысы”, “Теңир-Тоо айымы” төш белгисинин ээси. Эки уул, эки кыздын апасы, эки неберенин сүйүктүү чоң энеси.
Акылай Алмазбекова