Кантип үй-бүлөдогү сый мамилени сактап калса болот, жар тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл, үй-бүлөдөгү пикир келишпестиктерди кантип чечсе болот? 21 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жаткан 3 баланын ата-энеси дарыгер травматолог Саатбек Ботобеков жана балдар дарыгери, инфекционнист Гулмира Эралиева бактылуу үй-бүлө сыры менен бөлүшөт.
-Үй-бүлөдөгү бактылуулук деген сиздер үчүн кандай?
Саатбек Ботобеков: Ар бир үй-бүлөдө жакшы жашоо, сүйүү, гармония болуш үчүн бактылуулук болуш керек. Бактылуулук деген мен үчүн жубайлар ортосунда бири-бирин түшүнүү менен мамиле кылуусу, сыйлоо, урматтоо. Ошону менен эле катар балдар менен дагы болгон жакын, сүйүү мамиле үй-бүлөдөгү гармония.
Гулмира Эралиева: Эң биринчи түшүнүү, сабыр кылуу. Турмуш деп өзү эле айтып тургандай жашоонун ар кандай кырдаалдарына туруштук бере билүү зарыл. Ошондой эле бизде көп учурда туура эмес пикирлер бар. Мисалы: аялы үйдө отуруш керек, аял бул жумушту кылыш керек ал эми эркек киши бул ишти эле аткаруусу керек деген сыяктуу. Бизде андай жок, биз дин үй-бүлөдө тең укуктуубуз. Бирок, албетте кандай гана жумуш болбосун сөзсүз кеңешип, бири-бирибиздин пикир менен эсептешип чечебиз.
— Негизи бизде түгөйлөр бир тармакта иштесе бири-бирин дагы да жакшыраак түшүнөт ишенет, сыйлап бактылуу үй бүлө боло алышат деген ишеним бар. Сиздер дагы кесибиңиздер боюнча дарыгерсиздер андыктан бул көз караш канчалык туура?
Саатбек Ботобеков :Аялы менен күйөөсү бир тармакта иштей турган болсо алардын оросунда сүйлөшө турган тема болот. Бири-бирин дагы да жакшыраак түшүнөт десем болот. Мен кесибим боюнча трамватолог болсом дагы келинчегимен балдар боюнча суроолорума жооп алганга атайын жанымда кеңешчи турат. Эң башкысы кесиптин оорчулуктарын түшүнүп, колдоп турат.
Гулмира Эралиева:Бирге иштеп, бирге окуган бул абдан сонун. Дарыгерлерде консилиум деп коет ошону биз дайыма кылып турабыз. Ар дайым бири-бирибизге кеңеш айтып колдоп жакшы түшүнүп турабыз. Менин оюмча “тең-теңи менен, тезек кабы менен”-деген макал туура айтылган.
— Үй бүлө бекем болуш үчун эмнелерге көңүл буруш керек?
Саатбек Ботобеков: Үй-бүлөдөгү жумушутарды аялдыкы жана эркектики деп бөлүп коюу туура эмес. Мен бош болуп калсам же мүмкүнчүлүгүм болсо, келинчегим бошобой башка жумуш менен алек болуп жаткан болсо айрым жумуштарды жасап коем. Мисалы: өзүм бош отуруп аялым жумуштан кеч, чарчап келе турган болсо аны келип тамак жасасын деп күтүп отурбастан өзүм деле жасап коем. Бул аялым үчүн дагы жагымдуу болот. Учурдан пайдаланып бардык мырзаларга айтат элем үй-бүлө болгондон кийин меник, сеники деп бөлбөш керек. Бири-бирине колдоо көрсөтүп, жардамдашып койгондо бир гана түшүнүү, сезим, махабат көбөйөт. Ошондой эле бири-биринин ата-энесине дагы жакшы мамиле жасап өз ата-энедей маиле кылуу зарыл. Канчалык жубайыңа жакшы мамиле кылсаң кайра ошондой жакшы мамилени көрөсүң.
Гулмира Эралиева: Турмуш кургандан кийин дене эки башка болгону менен бир бүтүн болуп калабыз. Ошон үчүн бири-бирибизди тушүнүп, сыйлап биринчи жолдошуңуз үйгө келгенде күлүп күтүп алуу. Кандай кырдаал болбосун позитивдүү болушубуз керек. “Кайсы элдин жүдөө көрсөң зайыбын, ошол элдин уулуна кой айыпты”-деген сөз бар. Ошондой эле “Түшкөн жериң жакшы болсо арыйсың, жаман болсо карыйсың”-дегендей мен кудайга ыраазымын жакшы жолдошко жана мени түшүнүп, колдогон кайын журтум бар.
— Кантип үй-бүлөдө сый мамилени сактап калууга болот?
Саатбек Ботобеков: Сый мамилени сактап калуу сөзсүз мүмкүн. Биздин үй-бүлөдө чоң пикир келишпестик болгон эмес. Эки колду чапсаң үн чыгат. Ал эми бирөө чапса, экинчиси чаппай койсо үн чыкпай калат. Ошол сыңары эгер аял жинденип жатса, эркек киши унчукпай сабыр кылып коюш керек же күйөөсү ачууланып жаткан болсо аялы сабыр кылып коюш керек. Ошондой учурда үйдө уруш жаңжал болбойт. Эгер андай болбой урушка алдырып жиберсе булу чурда ар кандай создөр айтылышы мүмкүн. Алар бара-бара көңүл калууларга алып барат. Ошон үчүн мүмкүн болушунча ачууга алдырып турганда жаман сөздөрдү айтып алуудан сактанып бул учур өтүп кеткенден кийин шашпай отуруп чечишип алса болот.
Гулмира Эралиева: Мен дагы жолдошумдун сөзүнө кошулам. Ошондой эле биз жаңы үйлөнгөндө эле ачык сүйлөшүп алганбыз бири-бирибизге терс жана оң сапаттарыбызды айтып ошол терс сапаттарды оңго алмаштырганга аракет кылалы деп. Ошентип, мен жолдошума жакпаган жерлерди айтым ал аны оңдоду ал мага айтты мен терс жактарды оңго айлантканга аракет кылдык.
— Турмуш кура электерге кандай кенештерди берет элеңиздер?
Саатбек Ботобеков: Үй-бүлө курарда жакшылап ойлонуп анан бул кадамга барыш керек. Эки жаш ниет кылып баш кошкондон киийн кичинекей мамлекет тузүшөт. Бул кадамга барган соң уруш жаңжал чыгарып, ажырашуу деген ой болбош керек. Буга аял дагы эркек дагы бирдей аракет кылуулары зарыл. Канчалык экөөнүн ниети түз болуп, ойлору бир болсо урушуп, талашуу болбойт.
Гулмира Эралиева:Үй-бүлөнү сактап калыш үчүн фундаментти бекем тургузуш керек. Канчалык ал бекем болсо, үй-бүлө дагы бекем болот. Мына биздин баш кошконубузга 21 жыл болду. Ал аралыкта 3 балалуу болдук. Жашоо өзү чынжырча да ала унанып кетиш керек. Ошол балдарыбызга биз кылган иш аракетибиз менен тарбия берип, үлгү көрсөтүшүбүз керек. Ошондуктан ар бир акылдуу жана эстүү болуш керек. Кээ бирлер акылдуу болуп жатат бирок, эси жок. Акылдуу деген бул теориялык жактан ал эми эстүүлүк практика жүзүндө аны көрсөтө алуу иш менен далилдөө деп айтат элем. Теория менен практиканы бирге алып кеткенде бактылуу, ийгиликтүү болот.
— Өмүрлүк жарды тандоодо эмнелерди эске алуу зарыл, сиздер бири-бириңиздерди менин адамым эмнеден улам билдиңер?
Саатбек Ботобеков: Жубай тандаардан мурда, бул өмүрдө чоогуу жашай турган, сага балдарды төрөп бере турган, сени менен бирге өмүр боюу чоогу боло турган аялды тандоо үчүн кылдат иликтеш керек. Болочокто ала турчу келинчегиң кандай адам, бүгүн кандай да эртең кандай, сөз менен иши дал келеби дегендей. Ошондой эле кыздын теги кандай, ата-энеси кандай адамдар экенин аныктап, эң негизгиси ой, ниет туура келгенде бул кадамга барыш керек.
Гулмира Эралиева: Биз сабакка чоогу барып экөөбүз бирге боло алабызбы же жокпу деп сүйлошүп жургөн кезде эле мендик экенин түшүндүм. Мен бул адамга турмушка чыксам мени ачка калтырбайт, сыйлап өтөт экенине ишендим. Ошондо эле мага өтө камкор болчу. Сен оорубашың керек, ачка жүрбө деп турганынан келчекте мыкты жолдош балдарга камкор ата болот экерине көзүм жеткен.
Айгерим Кубатбекова