Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанат өткөрүлүп, бир катар айымдар сыйланды. 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата райондук маданият үйүндө өткөрүлгөн майрамдык салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айымдар, «Баатыр энелер» катышты.
Райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон бир катар айымдарга Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, Баетов айыл өкмөтүнүн, райондук Аялдар кеңешинин, Кыргызстан Аялдар конгрессинин, «Улуу Журт» коомдук бирикмесинин сыйлыктары, наамдары тапшырылды.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө аким Жумадилла Жапаров, коомдук ишмер Качкынбек Абышбаев, Баетов айылдык кеңешинин төрагасы Чэрленс Азимжанов, айыл өкмөт башчынын орун басары Улан Шерипбек уулу, Аялдар кеңешинин төрайымы Букен Турдубекова куттуктоо жолдошту. Майрамдык кече таланттуу мырзалардын концерттик программасы менен коштолду.
Барчын Мамытбекова