Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылында “Бактылуу үй-бүлө-ийгиликтүү айыл аймак” сынагынын алкагында тегрек стол өткөрүлдү. GALS (Gender Action Learning Sistem) инновациялык методологиясынын 5 ыкмасы боюнча билим алган катышуучулар, аялдар менен кыздардын зордук-зомбулуксуз жашоосу, жаш балдарды мажбурлап никеге тургузуу, ала качуунун зыяндуу кесепеттерине дуушар болбошу үчүн коомдук ченемдерди жоюу боюнча демилгелер көтөрүлдү.
Тегерек столдордун жүрүшүндө мыкты инновациялык демилге иш-чарага кароо-сынак өткөрүү жөнүндө жобонун долбоору, ошондой эле Виноградное жана Мирное айылдарындагы GALS чемпиондорунун арасында сынактык кароону уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн ишинин графиги талкууланып макулдашылды.
“Коомчулукту өнүктүрүү үчүн билим” фондунун өкүлү Асель Дунганаева:
«Мирное айылындагы кыздарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту азайтуу максатында коомдук ченемдерди өгөртүүгө багытталган иш-чара демилгелердин кароо-сынагынын жобосу жөнүндө баяндоо кылды.Ал сөз башында; “Бул сынак Европа Биримдиги (ЕБ) менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) аялдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюуга багытталган глобалдык “Теңдик Нуру” демилгесинин алкагында “БУУ-Аялдар” түзүмү жана “Коомчулукту өнүктүрүү үчүн билим” фондунун колдоосу менен өткөрүлүүдө».
Бул сынакты уюштуруучусу болуп “Коомчулукту өнүктүрүүгө билим” коомдук фонду менен өнөктөштүктө Жаңы-Пахта айыл аймагы болууда. Бүгүнкү тегерек столго иш-чара/демилге сынак-конкурсунун комиссия мүчөлөрү, ГАЛС ыкмасынын чемпиондору, “Коомчулукту өнүктүрүүгө билим” коомдук фондунун (ECD), БУУнун Аялдар уюмунун жана ММК өкүлдөрү, КПНС жана депутаттар катышып олтурушат. Бул сынактын жеңүүчүлөрүнө өзгөчө байгелер бар. Ал байгелерди катышуучулар өздөрү тандашкан.
1- орунга-Сыналгы, үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу сыналгы көрүүгө.
2- орунга-Чай сервизи, үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу тамактанууга.
3- орунга-Термочайнек, үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу чай ичип баарлашууга.
Бул байгелерден тышкары “Коомчулукту өнүктүрүү үчүн билим” фонду жана “Теңдик нуру” демилгеси тарабынан дипломдор менен сыйланат.
Айылдагы ГАЛС ыкмаларынын чемпиондорунун иш-аракеттери боюнча суроо-жоопторду талкуулоодо кызыктуу баяндоо жасаган долбоордун мониторинг адиси Нургүль Бейшеева болду.
Тохир Алиев:
«Мен ГАЛСтын баардык ыкмаларын колдонууда өзүмдү сынап көрдүм. Бул ыкма менен мен өз үй-бүлөмдүн гана эмес менин айылымдагы салт болуп калган коомдук ченемдердин оң жана терс таасирлерин тааный алдым.
Ачыгын айтканда аялдардын жана эркектердин милдеттери тең аткарылышы, кайын эне менен келиндин ортосундагы мамилени жакшыртуу, коомдук ченемдерге өзгөртүүгө багыт берүүнү демилгелүү максат кылуу керек. Бул менен биз үй-бүлө ынтымагын жана коомдогу биргиликти бекемдей алабыз. Эң негизгиси үй-бүлөдө кыздарга билим берүүнү токтотпой, эрте турмуш куруунун терс кесепеттерине кабылуусунан сакташыбыз керек. Айылда ушундай иш-чаралар болуп турса жакшы болот деп ойлоймун».
Нургүль Бейшеева:
«Бул тегерек столго демилге сынак-конкурсунун комиссия мүчөлөрү, ГАЛС ыкмасынын чемпиондору, “Коомчулукту өнүктүрүүгө билим” коомдук фондунун (ECD), БУУнун Аялдар уюмунун жана ММК өкүлдөрү, КПНС жана депутаттар катышып олтурушат.
ЕБ менен БУУнун биргелешкен “Теңдик нуру” демилгеси жөнүндө айта кетсем,
2020-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө ЕБ жана БУУ аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча глобалдык “Теңик нуру” (Spotlight) демилгесинин алкагында көп жылдык өлкө программасы ишке киргизилген.
Бул долбоордун программасынын негизги максаты — Кыргызстандагы бардык аялдар жана кыздар, өзгөчө аялуу катмары зордук-зомбулуктан жана зыяндуу адаттардан, анын ичинде жашы жете элек никеге туруудан жана ала качуудан эркин жашаган чөйрөнү түзүү.
Программа саясат жана мыйзамдар, институттарды бекемдөө, зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктун курмандыктарына кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды чогултуу жана аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоо жаатындагы комплекстүү чаралардын комплексин камтыйт».
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрайымы Гүлмайрам Эгембердиева:
«Мирное айыл деңгээлиндеги коомдук ченемдерди баса белгилеп, алардын кесепетинен көпчүлүк үй-бүлөлөр жабыр тартып калаарын айта кетти. Бул көйгөйлөрдү ГАЛС ыкмалары аркылу айыл тургундарына оңой олтоң жеткире алган долбоорду колдоп, ушундай иш-чаралар айылда көбүрөок өткөрүлсө деген оюн айтты».
Турсун Омуралиева