Т. Айбашев мектебинде кыздар аралык «Жаз периси-2022» конкурсу өткөрүлдү. 6 кыз ат салышып, жыйында Чынара Көчкөнбаева 1-орундун ээси болду.
Чынара Көчкөнбаева
Салтка айланган «Жаз периси- 2022″сынагы. Мектеп окуучулары арасында бул жыл сайын жакшы саамалып өткөрүлүп келет. Сынака катышкан ар бир кыз өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен айырмаланышып турушту. Бул сынактын жыйынтыгында, биз тарбиялаган кыздарыбыз адептүү, ыймандуу, мээримдүү гана эмес, келечекте коомдон өз ордун таба алган, билимдүү кыргыз журтунун аялдарынын күчтүүлүгүн даңазалаган кыздардан болушуна ынап отурдук.
Сынакты уюштургандарга ыраазылык сөздөр айтылып,жыйынтыгында Чынара Көчкөнбаева «Жаз периси-2022″сынагында жеңүүчү болуп аныкталды. Ал эми калган катышуучулар дипломдор, номинациялар жана белектер менен сыйланышты.
Катышуучу кыздар
11-класстын окуучусу Келдибекова Аселя колдон жасалган нерселерди жаттап жаткан учур
9-класстын окуучулары кийизден жасалган кийимдерди жасады
10-класстын окуучусу Чынара Көчкөнбаева
Чынара Көчкөнбаева