Нарын районуна караштуу Куланак айылында 17-ноябрь күнү этнофестиваль болуп өттү. Бул фестивалга памирлик кыргыздар да катышышты.
Эмгек-Талаа айылынан фестивалган келген айылдык клубунун маданий массалык иштерин уюштуруучусу Алиман Жапарованын айтымында, буга чейин да мында иш чаралар уюштурулуп келген. Бул жолку фестивалга көптөн бери даярдык көрүлгөн дейт ал.
“Памирлик кыргыздардын каада-салттары, үрп-адаттары менен таанышалы деп келгенбиз. Буга чейин да ушундай иш чаралар болуп жүрчү. Бирок, бүгүнкү иш чаранын өзгөчөлүгү памирлик кыргыздар менен чогуу өткөргөнүбүз болуп жатат”, — деди Жапарова.
Салтанатка биринчи жолу катышып жаткан памирлик боордошубуз Турганбай Абдилбаид уулу буларды айтты:
“Мен 9-класстын окуучусумун. Бул жакка келип аябай кубанып жатам. Памирде фарсы тилинде окуп, кыргызчаны дагы бирге окугам. Азыр 1-класстан баштап окуп жатам. Памирде мындай фестивалдар болбойт. Бүгүнкү фестиваль абдан жакшы болду. Кыргыздын каада-салтын: тушоо кесүү, баланы бешикке салмай, улуттук тамак-аштарды, кыргыздын улуттук аспаптарын көргөзүштү. Бул фестивалдан көп нерсени үйрөндүк.”
Фестивалга Дөбөлү айылынан келип катышып аткан Таарындык Исаева келиндери менен чогуу келген.
“Дөбөлү айыл өкмөтүндө китепканада иштейм. Бош убактымда байпактарды түйүп, жүн ийрип алек кылам. Кыргыздын улуттук каада-салттары унутулбас үчүн фестивалдар көбүрөөк болуп турса, биздин жаштарга дагы сабак болмок”, — деди Исаева.
Автор: Дилде Шатан кызы
Сүрөттөрдү тарткан: Самара Рыскелди кызы, Ырысбай Адамалиев