Ак-Талаа районундагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин “Аян” командасы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине карата өткөн “Манас таануу” интеллектуалдык таймашында 3-орунду алды. Таймашка Ысык-Көл жана Нарын облустарынан жалпы 15 команда катышкан.
Мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими, команданын жетекчиси Керез Мамытованын айтымында, таймашты Саякбай Каралаев атындагы фонд уюштурган.
Окуучулардын жол киреси үчүн айыл өкмөтү 3000 сом акча каражатын бөлүп берген. Калганын окуучулар өз чөнтөктөрүнөн төлөп барып келишти.
Таймашта жеңүүчү болгон командалар фонддун адабий китептери, медалдары менен сыйланышты.
Даярдаган: Г. Мамытбекова