Ак-Талаа районуна караштуу Баевтов айылындагы Бейшеналиев орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата жаш мугалимдер арасында “Билерман ордо” мелдеши өттү.
Анда “Кызыл алма” жана “Биринчи мугалим” командалары күч сынашты. Оюндун жүрүшүндө жазуучунун өмүр баяны, чыгармалары, ишмердигине байланыштуу суроолор берилди.
Уюштуруучу Гүлмира Какаева:
— Мындай оюн жаш мугалимдердин билимин, интеллектуалдык деңгээлин, ишке болгон жоопкерчилигин, кызыгуусун өстүрүү максатында мезгилдүү өткөрүлүп турат. Ар кыл багытта өтөт. Бул жолу улуу жазуучунун ишмердүүлүгүнө арналды. Берилген ар бир суроонун деңгээлине жараша баасы бар. Мисалы, татаал суроо болсо, баасы да жогору. Оюнда акча ойнотулат. Мектепте жаш мугалимдердин фонду бар. Каражат ошол фонддон алынат.
Оюндун жыйынтыгында “Кызыл алма” командасынын капчыгына 180 сом түшүп жеңүүчү болду.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира