Сүлүктү шаарындагы №9 мектеп гимназиясында окуу менен тарбия процессин айкалыштырган окутуунун өзгөчө ыкмасын колдонуу жакшы натыйжасын бере баштады.
№9 мектеп гимназиясынын директору Базаргүл Рустамованын айтымында, бул ыкма Лейлек райондагы №3 эксперименталдык гимназиясында кеңири колдонулуп, жакшы натыйжасын берип жаткандыктан эки жылдан бери системалуу колдонулуп келүүдө.
«Бүгүнкү сабагыбыздын башкы каарманы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, төрөт үйүнүн башчысы, шаардык кеңештин депутаты Гүлнара Самадова болду. Эже аябай жакшы катышып берди. Окуучулардын бардык суроолоруна чын дилден ачык жооп берди. Негизи эле бул инсан таануу сабагында Эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадаминовдун автордук ой өрүшү, кругозор сабактарынын элементтерин жана адеп сабагын синтездеп өткөндүгүбүздөн гимназисттерибиз үчүн өтө кызыктуу жана жугумдуу болот», — деп билдирди ал.