Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Ардактуу уулу кыргыздын, даңктайлы бүгүн Чыңгызын” аттуу иш-чаралар уюштурулду.
Баетов айылындагы Бейшеналиев орто мектебинде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата атайын бурч уюштурулуп, жазуучунун өмүр жолуна, ишмердигине арналган чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөр, жарыкка чыккан китептери көргөзмөгө коюлуп, эскерүү линейкалары өттү.
Окуучуларга жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылыгына арналган тасмалар, көркөм фильмдерден үзүндүлөр көрсөтүлүп, жазуучунун өмүрүндөгү урунтуу учурлар тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле, окуучулар жазуучунун чыгармаларындагы Жер Эне, Толгонай, Бугу Эне жана Султанмурат, Авалбек, Авдий, Кириск сыяктуу балдардын образдарын чагылдырып беришти. Мындан сырткары 3-4-класстын окуучулары Айтматовдун “Бугу Эне” чыгармасын сахналаштырышты.
Мектептин кыргыз тили жана адабияты методикалык секциясынын жетекчиси Айгерим Сатыналиеванын айтуусунда, иш-чаралар Чыңгыз Айтматовду, анын дүйнөгө таанымал чыгармаларын даңазалоо, чыгармаларындагы “Канткенде адам уулу адам болот?” идеясы аркылуу окуучуларга тарбия берүү болуп саналат.
Сөзсүз эле 12-декабрь күнү эмес, бардык учурда мындай иштер жүрүп туруусу зарыл. Иш-чаралар мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан уюштурулду.
Даярдаган: Эльвира Кубанычбекова