4-декабрь — “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине” кирген күн. Бул күнгө байланыштуу Сокулук районундагы Жал айылында “Манас” күнү белгиленди.
Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев гимназия мектебинде 4-декабрь күнү “Манас” күнү белгиленип, ага манасчылар келип “Манас” айтышты.
Илим Саламатов, жаш манасчы:
— Мен Каракол шаарындагы №4 гимназия орто мектебинде 9- классынын окуучусумун. Ушул “Манасчылык” чөйрөгө улуу устаттардан таалим алып, алардын багытын көрүп, алар менен бирге жүрүп үйрөндүм. Эң биринчи жолу “Манасты” Балыкчы шаарында өзүмдүн үйүмдө айта баштап, кийинчирээк маданият үйүнө барып ал жактан айткам. Бүгүнкү иш чарада «Манас» айткан кыздарыңар да бар экен. Алар «Манасты» жакшы айтышты. Бүгүнкү иш чара жакшы өттү, ушундай иш чаралар дагы көп болсун.
Асанбаева Динара, Мамыралиев атандагы гимназия орто мектебине кыргыз тил жана адабият мугалими:
— Баарыбыз билгендей эле, 4-декабрда биз «Манас» күнүн белгилейбиз. Бул жалпы адамзатынын мурасы деп эсептесек болот. Эң негизгиси — бул 2013-жылы 4-декабрда ЮНЕСКОго биздин “Манас” эпосу маданий мурас катары катталды. Катталды деген сөздүн мааниси — «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги корголот жана келечеке сакталат дегенди түшүндүрөт, манасчыларды дагы коргошот. «Манас» жөнүндө көптөгөн китептер чыгарылат жана ошондой эле өнүктүрүлөт. Биз дагы өзүбүздүн мектебибизге манасчыларды чакырдык. Ал манасчылар жаш болсо дагы келечеги кең балдар. Манасчылардын бирөөсү 9-класстын окуучусу экен. Кыргыз эли бул майрамды абдан жылуу кабыл алып майрамдашат. Биздин балдар манасчыларга өзүнө кызыккан суроолорду беришти. Мен баардык кыргыз элин жана ошондой эле мугалимдер коллективин «Манас» күнү менен куттуктагым келет. Кубанычыбыз чексиз болсун жана бул майрамды ар дайым майрамдаарыбызга ишенем.
Даярдаган: Мээрим Барманова, Назгүл Чоңдолоева.
Редактору: Ууржан Молдокулов.