Нарын районундагы Куланак айылында жашап жаткан памирлик кыргыздарга Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Жыргалбек Ашымбаев баштаган тогуз айыл өкмөт өкүлдөрү 6-декабрь күнү келип, жолугушуп, гуманитардык жардамдарын берип кетишти.
Тоң районунун акими Жыргалбек Ашымбаевдин айтымында, жардамдын жалпы баасы 200 миң сомдон ашуун. Жардам ун, май, кортошка жана башка азык түлүк, кийиим-кече түрүндө болду.
“Аз болсо дагы биз өзүбүздүн жардамыбызды туугандарга көрсөтөлү деп, бул жакка 200 миң сомдук азык-түлүк жана керектүү каражаттарды алып келдик. Эң негизги максатыбыз — бир туугандарыбыз менен баарлашып, сүйлөшүп аларды кадимки өз элибиздей кабыл алуу. Биз абдан кубанычтабыз. Биз памирлик кыргыздардын маанайлары жакшы экенин көрүп турдук”, — деди Тоң районунун акими Жыргалбек Ашымбаев.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков