Адистердин айтышынча Баткен облусунда COVID-19 боюнча кырдаал курч бойдон турат. Пандемия күчөп турганда Сүлүктүдө вакцинация иши кандай жүрүп жатат? Бул боюнча Сүлүктү шаарындагы тиешелүү уюмдардан маалымат алдык.
Солдон оңго: башкы санитардык врач М. Исканов жана саламаттыкты сактоонун координатору А. Ибрагимов
“Жетекчилер баш болуп, элге үлгү бололу деп вакцинациядан өттүк. Сүлүктү шаары боюнча 13-июлдан баштап, үч жерде шаардагы поликлиникада, мэриянын имаратына кошо жайгашкан Балдардын чыгармачылык борборунун имаратында (көчмө) жана Кошбулак аймактык башкармалыгындагы поликлиникада COVID-19 га каршы калкы вакцинациялоо иштери жүрүп жатат. Вакцинациялоо пунктары саат 8:00 дөн баштап 20:00 гө чейин кызмат кылууда. Сүлүктү шаарына жалпы 1000 доза вакцина келген болсо, 16-июль күнүнө карата 183 ашык киши вакцина алды”- дейт Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулова.
Алгачкылардан болуп мэриянын кызматкерлери вакцина алууда
“Эмдөө оорулардын алдын- алуунун жана адамдардын өмүрүн сактап калуунун коопсуз жана натыйжалуу ыкмасы болуп саналат, айрыкча азыркы учурда. Азыр вакциналар дифтерия, селейме, көк жөтөл, сасык тумоо жана кызамык сыяктуу, кеминде 20 оорудан коргойт. Жалпысынан бул вакциналар жыл сайын 3 миллионго чейин адамдын өмүрүн сактап калышат. Эгерде биз эмдөөдөн өтсөк, анда биз өзүбүздү гана эмес, айланабыздагы адамдарды дагы коргойбуз. Айрым адамдарга, мисалы катуу ооруга чалдыккандарга айрым вакциналарды албоо сунушталат, ошондуктан алар оорунун жайылышын азайтуу үчүн башкаларга эмдөөдөн өтүшөт”- дейт Сүлүктү шаары боюнча башкы санитардык врач Мусуратилла Исканов.
Гимназиянын директору, шаардык Кенештин депутаты- Базаргул Рустамова вакцина алууда
“COVID-19 пандемиясы учурунда эмдөө дагы деле болсо өтө маанилүү. Пандемия күнүмдүк эмдөөдөн өткөн балдардын санынын азайышына алып келди, бул оорулардын жана алдын алуучу оорулардын өлүмүнүн көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Вакцинация — адам оору козгогучтары менен байланышканга чейин оорулардан коргонуунун жөнөкөй, коопсуз жана натыйжалуу жолу. Вакцинациялар организмдин табигый коргонуу механизмдерин колдонуп, бир катар жугуштуу ооруларга туруштук берип, иммунитетиңизди чыңдайт.
Оорулар сыяктуу эле, вакциналар да иммундук системаны белгилүү бир антителолорду жасоого үйрөтөт. Бирок, вакциналарда белгилүү бир оорунун козгогучтарынын — вирустун же бактериянын — өлтүрүлгөн же алсыраган түрлөрү гана болот, алар ооруга алып келбейт жана аны менен байланышкан татаалдашуу коркунучун жаратпайт. Көпчүлүк вакциналар сайылат, бирок оозеки эмдөө (ооз аркылуу) жана мурундун аэрозолдору (мурун аркылуу жасалат) да бар”- дейт Сүлүктү шаары боюнча саламаттыкты сактоонун координатору Асатбек Ибрагимов.
Бакытбек Сапаркулов