Ханнс Зайдель фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн финансылык колдоосу менен ишке ашкан төрт күнгө ылайыкташтырылган кичи-тренингдин төртүнчү күнү 13-июль күнү Сүлүктү шаардык Кеңешинин жыйындар залында жыйынтыкталды.
“Тренингге баштан аяк толук катыштым. Маселе калкты жергиликтүү иштерге тартууда экен жана жергиликтүү шарттын финансылык-экономикалык негиздерин жакшы билсек ийгиликтүү иш жүргүзө алабыз деген чечемге келдим. Көптөн бери ойлоп жүргөн чакан бизнести ишке ашуу максатында долбоор жазып баштадым. Тренингди уюштуруп өткөрүүгө себепчи болгондордун бардыгына жана Ханнс Зайдель фондуна ыраазычылык билдиремин”-дейт тренингдин катышуучусу Айтурган Маткасымова.
“Акыркы учурларда канткенде жаштарга кесиптик багытты туура бере алабыз?-деп көп ойлонуп жүрөм. Ханнс Зайдель фондунун стипендианты Бакытбек Сапаркулов өткөргөн тренингдерге катышканымдан кийин суроолорума жооп таптым. Эми ишенимдүү түрдө максаттарымды ишке ашыруу кадамдарымды баштадым. Көрсө биринчи көйгөдү туура аныктоо керек экен”,- дейт тренингдин катышуучусу Бактыгүл Аширалиева.
“Сүлүктү шаары үчүн гранттарды, инвестицияларды тартуу зарыл болуп турат. Бул багытта шаардык мэрияда алгылыктуу иш жүргүзүүдө. Ал эми Ханнс Зайдель Фондунун колдоосу менен кичи-тренингдер уюштурулуп, натыйжада гранттар, инвестициялар менен иш жүргүзүп баштаган демилгелүү топтун түзүлүшү чоң жетишкендик болот. Биз дагы гимназиябызга жаңы имарат куруу үчүн донордук уюмдарга концепт-проект даярдап жатабыз”,-дейт шаардык Кеңештин депутаты, №9-гимназиянын директору Базаргүл Рустамова.
“Кичи-тренингдин максаттуу өтүшүнө шаардык Кенештин төрагасы Кубанычбек Мадаминов жана вице-мэр Марзия Сапаркулова моралдык колдоо көрсөтүп, уюштуруу иштерине жардам берди. Кандай гана тренинг, семинар же вебинар болсо да анын натыйжасы болуш керек. Ханнс Зайдель Фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү колдогон бул тренингдердин жыйынтыгында Сүлүктү шаары боюнча грант, инвестициялар менен иш жүргүзүп баштаган 20 кишиден турган топ түзө алдык. Бул биз үчүн чоң жетишкендик”,- дейт тренингдин уюштуруучусу, Ханнс Зайдель Фондунун стипендианты Бакытбек Сапаркулов.
Барчынай Алимова