Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндөгү №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасынын аймагындагы жарандар эмдөөлөрдү алып жатышат. Жалпы 1500 доза вакцина келди. Учурда 13-июндан баштап 14-15 чи июлга чейин вакцина берилет.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндөгү №16 үй-бүлөлүк даргерлер тобунун улуу мээрман Минажат Сабирова:
«Биз 13-июндан баштап айыл тургундарына COVID-19 вирусуна каршы вакцина жасап жатабыз. Вакцина 18 жаштан жогоркуларга гана берилүүсү керек. Бизге 1500 доза вакцина келген. Ал вакцинаны биз 3 күн ичинде жасашыбыз керек, бирок элдердин вакцина алуусу солгунураак болуп жатат. Башка аймактарга караганда бизде элдер төмөнүрөөк келип вакцина алып жатышат. Элдерге алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Биринчи болуп вакцинаны медиктер май айында алганбыз, 2- турун да алып, өзүбүз толук вакцинаны алып бүткөнбүз.
Андан соң мугалимдер үчүн вакцина келди. 1-турда мугалимдерге 20 гана доза берилди, калгандарына 2-3 турда берилип жатат. Бизге вакцина Кытайдан келип жатат. Түшүндүрүү иштерин алдын ала жүргүзсөк да элдердин вакцина алуу үчүн келүүсү суз болуп жатат. Вакцина алган жарандардан эч кандай арыздар болгон жок, коркуп келип алгандар деле жакшы маанайда кетишти. Буга чейин COVID-19 менен ооругандар да, азыркы учурда ооруп жаткандар да келип алып жатышат».
Айыл тургуну Жеңишбек Сатыбалдиев оюн угуп көрдүк:
«Мен бул убакка чейин COVID-19 вирусу менен ооруган жокмун, бирок алдын алуу максатында өз ыктыярым менен келип вакцина алып жатамын. Вакцинанын эч кандай зыяны жок, ошондуктан баарыңыздарды келип вакцина алып, ден- соолугуңуздарды алдын алууңуздарды сунуштайт элем».
№16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымы Санталат Мурзакаримованын айтуусу боюнча: «Биз COVID-19 вирусуна каршы 1500 вакцина алып келдик. Вакцина 60 жаштан өткөндөргө майыптарга жана көп ооруган адамдарга биринчи орунда жасап жатабыз. Анан калгандары мугалимдер айыл тургундары келип алып жатышат. Баары вакцинаны өз ыктыяры менен келип алып жатышат, алгандан соң элдерден эч кандай арыз уккан жокпуз. Вакцинаны саат сааркы 8:00 дөн кечки 8:00 гө чейин берип жатабыз. Элдер активдүү келип алып жатышат эрте менен саат 7:30 да келип алып кеткендер да болду. Вакцина Кулатов боюнча 5 ФАП та берилип жатат. Мисалы ФАП Абшырда 150 доз, ФАП Мамазияевке 150 доз, ФАП Баглан 120 доз, ФАП Таш-Булакка 120 доз жана Ак-Терекке 120 доз вакцина берилген».
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин мугалими Миңбаева Кансулуу:
«Мен вакцина берилип жатканын угуп эле өз ыктыярым менен келип вакцинаны алдым. Вакцинаны алыш керек. Бул өзүбүздүн ден- соолугубуз үчүн пайда. Вирус күндөн күнгө жайылып жаткан учурда ар бир адам өзүнүн ден- соолугуна өзү кам көрүүсү керек. Санитардык гигиеналык эрежелерди сактоосу зарыл. Бардык менин айылдаштарыма, коңушуларыма ошондой эле жалпы кыргыз элине кайрыларым акысыз берилип жаткан вакцинаны убагында келип алса жакшы болот».
Таңнуру Жалалова