Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу быйылкы жылкы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо гигиеналык эрежелерди, аралыкты сактоо менен өткөнү турат.
3-октябрь күнү шайлоо өткөрүлүүчү жай дезинфекцияланат жана шайлоого келген ар бир жаранга беткап, колкап берилип, антисептик чачылып, аралыкты сактап шайлоочулар бирден гана киргизилет.
№5376 УШК катчысы Айжамал Абдикеримова шайлоого даярдыктар жөнүндө айтып берди.
Анын айтымында: «Азыркы учурда шайлоого даярдыктар күч, бир мүнөт да тыным жок. АШКдан келген ар бир иштерди группа менен аткарып жатабыз.
Шайлоочу залды даярдадык, форма 1, 2 боюнча иштеп жатабыз. Күн сайын тизмелерди алып келип жанылап жатабыз»,-дейт.
Майыптыгы бар адамдарга пандустар орнотулганын, ал эми үйлөрүнөн чыга албаган үй шартындагы шайлоочулар шайлоого 3 күн калганга чейин арыз жазып кайрылса үйлөрүндө олтуруп добуш бергенге мүмкүнчүлүк түзүлөрүн, чүчү кулактын негизинде операторлор барып добуштарын алып келишерин Куу-Майдан УШКсынын катчысы кошумчалап кетти.
Аймончок Кожонова