Пандемия учуру коомго абдан терс таасирин тийгизип ал тургай жалпы коомчулукту стресс, коркуу, кооптонуу, тынчсыздануу абалына алып келди. Бул учурда айылдагы жашоо шарты тѳмѳн жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, балдарга колдоо кѳрсѳтүп келет. Ошондой эле билим берүү тармагына абдан колдоо керек.
Сovid-19 илдети үстүбүздѳгү жылдын март айларында башталып бир топ айыл ѳкмѳттѳрдүн жумуштарына тоскоол жаратты. Карантин учурунда баардык иштер убактылуу токтотулуп, болгон күч илдетти жайылтпоо аракетине бурулуп калгандыгын Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн жоопту катчысы Азимкүл Жаныгулова билдирип ѳттү:
«Жер-жерлерге карантин жарыяланып бардык иштер токтотулган. Алардын арасында биздин айыл ѳкмѳт да бар. Бул учурда жергиликтүү тургундардын ден-соолуктарына кам кѳрүү менен алек болуп, планда бекитилген социалдык маселелер убактылуу токтотулган. Бирок август айынан баштап кайра иш толугу менен кѳзѳмѳлгѳ алынып айылдагы эки чоң социалдык объект бүттү».
Ал эми айыл тургундары илдет күч алган учурда социалдык маселелерди эмес, ар ким ѳз ден-соолуктары менен күрѳшүп калгандыгын билдирди. Жергиликтүү бийлик, айыл кеңеш депутаттары колдорунан келишинче маселени чечүүгѳ аракет кылып келишкенин айыл тургуну Талант Шергазиев айта кетти:
«Бул учурда айыл тургундары баардык күчтү Covid-19 илдетинин алдын алууга жумшашты. Ал учурда башка маселелерди, кѳйгѳйлѳрдү кароого деле чамалары жеткен жок. Анткени, айылда каза болгондор да күч ала баштаган. Бирок бара-бара бардыгы ѳз ордуна келип иш жүрѳ баштады. Эми минтип аяк-башыбызды жыйып калган учурда пандемиянын экинчи толкуну башталуу учуру катталууда».
Элет жериндеги балдардын саламаттыгы маалыматтын жеткиликтүүлүгүнөн көз каранды болууда
Гүлкайыр Осмоналиева